Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел жүрдү

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сел жүрдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Кечээ Ак-Суу жана Сары-Челек айыл аймактарында мөндүр аралаш жаан жаап, анын кесепетинен эки сайдын суусу ашып ондой турак үйдүн короосун каптаган.   Ошондой эле автоунаа жүргөн жолго кум, шагыл агып, унаалардын өтүшүнө тоскоолдук… Кененирээк…

Кыргызстанга тоок жумурткасын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга тоок жумурткасын ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинин маалыматына ылайык, чектөө 1-майдан тарта 6 ай күчүндө болот.   Ведомство мындай чечим азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу жана товардын базардагы баасын турукташтыруу максатында кабыл алынганын белгиледи.

Бишкекте чет элдиктер уюштурган онлайн казинонун ишмердүүлүгү токтотулду

Бишкекте чет элдиктер уюштурган онлайн казинонун ишмердүүлүгүнө бөгөт коюлду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзүүдө башка мамлекеттин жарандары Бишкек шаарынын көчөлөрүнүн биринде жайгашкан үйдө алдамчылык менен алектенип жаткандыгы аныкталган. Тергөө-ыкчам иш-чараларынын жүргүшүндө ижарага алынган… Кененирээк…

Ала-Арча паркы боюнча киргизилген жаңы эрежелер жана тарифтер

1-майдан тарта киргизилген жаңы тарифтер жана эрежелер: паркка электромобилдер гана кире алат. Бензин, газ жана дизель менен жүргөн унаалар киргизилбейт; 2 500 машина баткыдай унаа токтотуучу жай болот; акы машина үчүн эмес, киши башына алынат. Тарифтер: чоңдор үчүн билет — 200 сом; 7ден 14 жашка… Кененирээк…

Бишкекте үнү катуу чыккан мотоцикл менен мопеддер айып короого токтотулууда

Бишкек шаардык милициясынын кайгуул кызматкерлери түнкүсүн бишкектиктерге уйку бербей тынчын алган мотоцикл менен мопеддерге рейд жүргүзүп, жапырт айып короого токтотуп жатканын кабарлады.   “Текшерүү учурунда мопеддерине кошумча жабдык орнотуп алып, үнүн катуулатып айдагандардын көбү тиешелүү документи жок өспүрүмдөр экени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта. Эскерте… Кененирээк…

Бишкекте мигранттарды мыйзамсыз иштетип жүргөндөргө 3 млн сом айып салынды

Бишкек шаарынын ички иштер башкы башкармалыгы “Нелегал” аталышындагы алдын алуу иш-чараларанын жүрүшүндө Кыргызстанга чет өлкөлүк жарандарды алып келип жумушка орноштурууда 800гө жакын мыйзам бузуулар аныкталып, 3 миллион 615 миң 500 сомго административдик протокол түзүлгөн билдирди. Жакында эле Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Бишкек шаарындагы… Кененирээк…