Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын инвестициялык аймагын түзүү пландалууда

Ысык-Көлдө “Тамчы” атайын инвестициялык аймагын түзүү пландалууда.   Тиешелүү мыйзам долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги даярдады. Маалыматка ылайык, ал ички жана тышкы инвестицияларды тартууга, инвестициялык климатты жакшыртууга жана өндүрүш, туризм, курорттук тейлөө, транспорттук инфраструктура тармактарын өнүктүрүүгө шарт түзөт.   Анда өзгөчө укуктук режим болуп, ишкердик… Кененирээк…

Бишкекте мектепте чыккан өрт өчүрүлдү

4-майдын кечинде Бишкек шаарындагы №63 мектептен чыккан өрт саат 20:30да толук өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, кырсыктан жабыркагандар жок.   Өрттү өчүрүүгө жалпы үч күжүрмөн эсеп жана штаб тартылган. Тилсиз жоонун кесепетинен имараттын 100 чарчы метр аянты күйгөн. Айрым басылмалар… Кененирээк…

Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы эл аралык турнирде үчүнчү алтын медалын багындырды

  Кыргызстандык суучул Денис Петрашов АКШдагы эл аралык турнирде үчүнчү алтын медалын багындырды. Финалдык бөлүктө ал 200 метр аралыкты брасс ыкмасы менен сүзүп, 2 мүнөт 10 секунд көрсөткүчү менен биринчи келди.   Ага чейин Петрашов бул турнирде 50 жана 100 метрлик аралыктагы жарышта мыкты болуп,… Кененирээк…

Кыргызстанда жасалма интеллекттин негизинде балдарды мектепке кабыл алуу үчүн телеграм-бот ишке кирди

Кыргызстанда жасалма интеллекттин негизинде балдарды мектепке кабыл алуу үчүн телеграм-бот ишке кирди. Билим берүү министрлигинен билдиришкендей, ал балдарды биринчи класска каттоо процессин жеңилдетүү максатында иштелип чыккан.   Бот кыргыз жана орус тилдеринде суроолорго жооп берип, ата-энелерди маалымат алуу үчүн мектепке баруу зарылчылыгын жоет. Ал күнү-түнү… Кененирээк…

Боом капчыгайында кооптуу таштар атайлап түшүрүлөт

Боом капчыгайында кооптуу таштар атайлап түшүрүлөт. “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, иштер 12-майдан 16-майга чейин пландалды.   Бул күндөрү эртең мененки саат 9дан күндүзгү 3кө чейин Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун 129-чакырымы маал-маалы менен жабылат. Кыймыл бир тараптуу уюштурулат.

Бишкекте Жеңиш майрамына карата айрым көчөлөр тосулат

Бишкекте Жеңиш майрамына карата айрым көчөлөр тосулат.   Кайгуул милиция башкармалыгынан билдиришкендей, 8-9-майда Ибраимов көчөсүнүн Жибек Жолу — Чүй тилкеси, Шопоков көчөсүнүн дал ушул бөлүгү жана Чүй проспектисинин Курманжан Датка көчөсүнөн Турусбеков көчөсүнө чейинки тилкеси жабык болот. Айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.

Кыргызстандагы суу ресурстарынын көлөмү изилденет

Суу көйгөйлөрү жана гидроэнергетика институту жакынкы жылдары Кыргызстандагы суу ресурстарынын көлөмүн изилдеп чыгат. Ага ылайык, республикадагы майда суу, көл, дарыялардын баары эсепке алынат.   Бул тууралуу Илимдер академиясы аталган институттун жетекчиси Рысбек Сатылкановго шилтеме берип билдирди. Маалыматта алдыдагы жылдары Чоң-Кемин, Аламүдүн, Ала-Арча суулары жана алар… Кененирээк…

Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Конституция күнү менен куттуктады

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда кыргызстандыктарды өлкөнүн Конституция күнү менен куттуктады. Мамлекет башчысынын куттуктоосунда төмөнкүдөй айтылат: “Урматтуу кыргызстандыктар! Сиздерди бүгүнкү Конституция күнү менен чын дилимден куттуктаймын! 5-май, Конституция күнү – бул Баш мыйзамыбыз кабыл алынган күн гана эмес, ар дайым адилеттүүлүктү туу туткан элибиздин бийик… Кененирээк…