«Ала-Арча» жаратылыш паркында жаңы амфитеатр ачылды

«Ала-Арча» жаратылыш паркында жаңы амфитеатр ачылды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.   Амфитеатр аталган паркты маданий иш-чаралар үчүн ыңгайлуу аймакка айландырат деп күтүлүүдө. Тагыраагы концерттерди, театр көрсөтүүлөрүн, фестивалдарды жана башка саамалыктарды өткөрүү үчүн мыкты аянтча болору белгиленди.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагында күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, бүгүнтөн тарта 11-майга чейин республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт.   Мындан улам сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.   Жарандарга сак болуу сунушталат.  … Кененирээк…

Садыр Жапаров Москвада иш сапары менен жүрөт

Садыр Жапаров Россиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Москвага иш сапары менен кетти. Президенттин администрациясынан маалым болгондой, өлкө башчы Москвада Жеңиштин 80 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышат.   Параддан Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнүн Улуттук гвардиясынын параддык бөлүгү да өтөт.   Эске салсак, Садыр Жапаровдун Москва сапарына… Кененирээк…

Саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевге сөгүш берилди

Бишкектеги республикалык диагностикалык борбордогу көйгөйлөрдү жоюуга эки күн берилди. Президент Садыр Жапаров саламаттык сактоо министри Эркин Чечейбаевдин ишин катуу сындап, сөгүш жарыялаганы Жапаровдун аталган борборго баргандагы видеосу Фейсбукка жарыяланганда белгилүү болду.   Маалыматка ылайык, президент мекемеге 8-майда күтүүсүз барган. Анда жүрөк оорусунан жабыркаган 24 бала… Кененирээк…