Кендирбаева менен Орозов министр кызматына дайындалышты
Догдуркүл Кендирбаева Агартуу министри, ал эми Бактияр Орозов Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду. Эске салсак, Кыргызстанда Билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнгөн.









