Бишкек — Ала-Арча жарым-жартылай экспресс каттамы кайрадан иштеп баштады

Бишкек — Ала-Арча жарым-жартылай экспресс каттамы кайрадан иштеп баштады. Муниципалитеттен билдиришкендей, каттам шаар тургундарынын көптөгөн кайрылууларынын негизинде жүрө баштады.   Автобустун акыркы аялдамалары Т.Усубалиев атындагы эски аянтта жана Ала-Арча жаратылыш паркында орун алган.   Транспорт эртең мененки саат 8ден кечки 7ге чейин иштейт, жолгире накталай… Кененирээк…

Ысык-Көлдө балык уулоого уруксат берилди

Ысык-Көлдө спорттук жана ышкыбоздук балык уулоого уруксат берилди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришкендей, Ысык-Көл чебагы балыгынын тукум улоо сезону аяктады. Буга байланыштуу чектөө 15-майдан тарта алынды.   Балык уулоо билеттерин электрондук түрдө алса болот.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде 20-майда суу өчөт

Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түнкү 11ге чейин 7-Апрель – Медеров көчөсү – Ж. Мавлянов – Кара-Дарыя көчөсү менен чектешкен аймакта суу болбойт.   Мунун себеби ремонт иштерине байланыштуу.   Калк жана мекеме-уюмдар ичүүчү сууну эртелеп камдап алышы керек.

Баткенде айыл чарба багытындагы эки ишкана ачылат

Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын бири Ак-Татыр айылындагы мөмө-жемишти кайра иштетүүчү жана кургатуучу муниципалдык ишкана. Учурда алгачкы продукциясын тесттик режимде чыгарды. Объекттин курулушуна Баткен облусун өнүктүрүүгө бөлүнгөн 500 млн сомдун эсебинен 22 млн сом каржыланган.   Дагы бир ишкана Жаңы-Жер айылында курулду. Айыл чарба продукциясын… Кененирээк…

Ысык-Көлдө 200дөн ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат

Ысык-Көлдө 1-июнга чейин 200дөн ашык видеокөзөмөл камералары орнотулат. Облустук милициядан билдиришкендей, учурда курорттук зоналарга, коомдук жайларга, билим берүү мекемелерине 132 аппарат орнотулуп, алардын баары Ысык-Көл районунда жаңы ачылган Кырдаал борборуна туташтырылды.   Кырдаал борбору реалдуу убакыт режиминде маалыматтарды Ички иштер министрлигине жөнөтүп турат.   Камералардын… Кененирээк…

Ак-Буура суусуна түшүп кеткен 13 жашар баланын сөөгү табылды

Ош шаарынын Төлөйкөн айылынан Ак-Буура дарыясына түшүп кеткен өспүрүмдүн сөөгү табылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, 2013-жылы туулган Ж.У. аттуу бала сууга түшүп кеткендиги тууралуу маалымат 112 кызматына кечээ түшкөн. Экинчи күнкү издөө ишине Республикалык өзүнчө куткаруу отрядынан 9 куткаруучу, ИИМдин Ички… Кененирээк…

Кыргызстан менен Тажикстан автобус каттамын жандантууну сүйлөштү

Кыргызстан менен Тажикстан автобус каттамын жандантууну сүйлөштү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган мекеменин башчысы Абсаттар Сыргабаев тажикстандык кесиптеши Азим Иброхим менен жолугушту. Тараптардын жолугушуусу Казакстандын Астана шаарында «Борбор Азия – Кытай» форматындагы транспорт министрлеринин экинчи жыйынынын алкагында өткөн.  … Кененирээк…

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги шашылыш билдирүү таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 18-19-майда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Бул күндөрү тоолордо, кооптуу аймактарда эс алуудан алыс болуп,… Кененирээк…

“Барселона” 28-жолу Испаниянын чемпиону болду

“Барселона” 28-жолу Испаниянын чемпиону болду. Өлкө биринчилигинин  36-турунда “Барселона” “Эспаньолду” 2:0 эсебинде утуп, турнирде жеңишке жетти.   Голду Ламин Ямаль менен Фермин Лопес киргизди. “Барселона” 36 турдан кийин 85 упай топтоп, экинчи орунда келе жаткан “Реалды” ашып өттү.

Бишкекте 1-2-класска катталган балдардын айрымдары мектептен чыгарылышы мүмкүн

Бишкекте 1-2-класска катталган балдардын айрымдары мектептен чыгарылышы мүмкүн.  Мэриядан билдиришкендей, балдар тобу менен катталган батирлер аныкталды.   Айрымдарында 20дан ашуун бала каттоого тургузулган. Эми бул балдар мектептен чыгарылып, өздөрү жашаган аймактагы мектепке которулат. Ал эми батир ээлери коммуналдык кызматтар үчүн төлөмдөрдү катталган кишинин саны боюнча… Кененирээк…