“Манас” эл аралык аба майданынын FRU деген коду 9-августтан тартып BSZ деп жазыла баштайт

“Манас” эл аралык аба майданынын FRU деген коду 9-августтан тартып BSZ деп жазыла баштайт. Бул тууралуу Жарандык авиация агенттиги кабарлады. Үч тамгалуу уникалдуу идентификатор – бул Аба транспорту эл аралык ассоциациясы дүйнөнүн аэропортторуна ыйгарган код.   Аны авиакомпаниялар, билет сатуу жана брондоо менен алектенген агенттиктер… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоорунун алкагында 4 миңден ашык насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо -13” долбоорунун алкагында 4 миңден ашык насыя берилди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каражат өсүмдүк өстүрүү мал чарбачылыгы жана суу үнөмдөөчү технологиялар категориялары боюнча берилип, жалпы сумма дээрлик 2,5 миллиард сомго жетти. Белгилеп кетсек, жеңилдетилген… Кененирээк…

Эртең жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо өтөт

Эртең жалпы республикалык тестирлөөгө кошумча каттоо өтөт. Ал негизги убакта каттоого жетишпей калгандар үчүн уюштурулат. Каттоо тестирлөө борборлорунда, тактап айтканда ЖРТ өтө турган мектептерде болот.   Белгилеп кетсек, быйыл 11-классты 80 миңден ашык окуучу аяктап жатат, анын 54 миңи жалпы республикалык тестирлөөгө катталды.

Кыргызстанда бүгүнкү күндө техникалык кароодон өтүүгө 4 миң 312 чет элдик унаанын ээси кайрылды

Кыргызстанда бүгүнкү күндө техникалык кароодон өтүүгө 4 миң 312 чет элдик унаанын ээси кайрылды. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Искендер Асылкулов билдирди.   Анын айтымында, анын 4 миң 172си техкароодон өттү, ал эми 140ы өтпөй калды. Ал эми Кыргызстанда чет өлкөлөрдө катталган… Кененирээк…

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолун  оңдоо иштери кызуу жүрүүдө

Ош – Баткен – Раззаков унаа жолун  оңдоо иштери кызуу жүрүүдө.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда 62-66-чакырымдар аралыгында асфальт төшөө, ал эми 47-чакырымында эски асфальт катмарын сыйруу менен жолду кеңейтүү жумуштары аткарылып жатат. Эске салсак, буга чейин Ош-Баткен-Раззаков унаа жолунун 28-47-чакырымдар аралыктары асфальтталган.

Баңги кылмыштарына жаза күчөтүлдү

Баңги кылмыштарына жаза күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров “Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду.   Документке ылайык, баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо менен байланышкан кылмыш жасоодо эскирүү мөөнөттөрүн колдонууга тыюу салуу, баңгизат даярдоо үчүн соттолгон адамга жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу… Кененирээк…

Ош шаарында Салиева жана Раззаков көчөлөрүн байланыштырган жол салынууда

Ош шаарында Салиева жана Раззаков көчөлөрүн байланыштырган жол салынууда. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жолдун узундугу 200, туурасы 6 метрди түзөт.   Учурда анын негизи тегизделип, асфальт төшөөгө даярдалууда. Андан тышкары, бир капталына жөө жүргүнчүлөр үчүн тротуар курулуп, эки тарабына лотоктор орнотулган.   Белгилеп кетсек, буга… Кененирээк…

Кыргызстанда жыл аягына чейин 1 миң 100 чакырымдан ашык жол курулат

Кыргызстанда жыл аягына чейин 1 миң 100 чакырымдан ашык жол курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев билдирди. Анын айтымында, ошондой эле чуңкурлар бүтөлөт.   Чиновник белгилегендей, унаа жана жолдор министрлигине быйыл 24,5 миллиард сом бөлүнөт. Учурда маанилүү трассаларда курулуш иштери жүрүп жатат. Алсак,… Кененирээк…

Шанхайда иттер үчүн фитнес-борбор ачылат

Шанхайда иттер үчүн фитнес-борбор ачылат. Максаты — үй жаныбарларына активдүү жашоо образын камсыздоо болуп саналат. Клубда машыгуу залы, бассейн, укалоочу кабинеттер болот.   Анда кесипкөй машыктыруучулар иштеп, ар бир ит үчүн атайын программа түзүлөт. Фитнес-борбор июнь айында ачылат деп күтүлүүдө.

Жогорку окуу жайларда 10 миң гранттык орун бөлүндү

Жогорку окуу жайларда 10 миң гранттык орун бөлүндү. Бюджеттик орундарды бөлүштүрүүдө артыкчылык адистер тартыш болгон тармактарга берилет. Алсак, квоталардын басымдуусу педагогикалык адистиктерге, компьютердик технологияларга жана медициналык окуу жайларга тиешелүү болот.   Андан тышкары, бөлүнгөн бюджеттик орундардын ичинде жалпы республикалык тестирлөөдө жогорку балл топтогон абитуриенттердин квотасы… Кененирээк…