Бишкектеги айрым мектептерде 1-2-класстарга кошумча орундар ачылат деген маалымат кайра артка кайтарылды

Бишкектеги айрым мектептерде 1-2-класстарга кошумча орундар ачылат деген маалымат кайра артка кайтарылды. Агартуу министрлигинен билдиришкендей,  23-майда №29 мектепте гана текшерүүнүн жыйынтыгында бошогон орундар ачылат.   Ал эми башка мектептер боюнча мэрия менен Билим берүү департаменти тарабынан кошумча квоталар жана так мөөнөттөр тууралуу маалыматтар такталып жатат.

Кыргызстан менен Кытайдын чек ара пункттары күнү-түнү иштөөгө өтөт

Кыргызстан менен Кытай чек ара пункттарын күнү-түнү иштөөгө өткөрүүнү макулдашты. Бул тууралуу 21-майда «Борбор Азия – Кытай» бажы кызматтарынын жетекчилеринин II жолугушусунун алкагында КР Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев менен Кытайдын Башкы бажы башкармалыгынын министри Суй Мэйцзюндун эки тараптуу жолугушуусунда айтылды. Бажы кызматынан билдиришкендей,… Кененирээк…

Ош облусунун Кара-Суу районунда аккумулятор чыгаруучу заводдун курулушу башталды

Ош облусунун Кара-Суу районунда аккумулятор чыгаруучу заводдун курулушу башталды. Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев объекттин  капсуласын салды.   Заводду үч айдын ичинде куруп бүтүү пландалууда. Анда аккумулятор, күндөн энергия алуучу лампалар, күн панелдери чыгарылат. Жылына 800 миң даана аккумулятор чыгаруу каралган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги  аба ырайына байланыштуу чукул кабар таратты. Анда 23-27-май күндөрү нөшөрлөгөн жамгырдан улам дарыялар ташып, тоолуу аймактарда сел жүрүшү ыктымалдыгы эскертилет.   Жарандарга арыктарды, сел каналдарын тазалап, селдин алдын алуу иштерин жүргүзүү сунушталат. Тоолуу аймактарда эс алуудан баш тартуу керек. Кандайдыр бир кырдаал… Кененирээк…

Өзгөн районунда кирпич чыгаруучу завод ачылды

Өзгөн районунда кирпич чыгаруучу завод ачылды. Министрлер кабинетинен билдиришкендей, объект Кароол айыл аймагында жайгашат. Долбоорду ишке ашырууга 4 миллион доллар багытталган. Ишкана күнүнө 120 миң даана кыш чыгарат деп күтүлүүдө.   Белгилеп кетсек, аталган завод быйыл ишке кирет деп пландалган  128 ишкананын тизмесине кирет.

Ысык-Көлдө туристтик сезондун алдында коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө

Ысык-Көлдө туристтик сезондун алдында коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Аймактын ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери пляждарда, туристтик каттамдаржа жана эл көп чогулган жерлерде профилактикалык рейддерди жүргүзүп жатат.   Андан тышкары, эс алуучулар арасында, туристтик бизнестин өкүлдөрү менен түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Ички иштер башкармалыгы жарандарды, эс алуучуларды мыйзамдарды сактоого,… Кененирээк…

Бишкекте ысык суу берүүгө даярдык иштери башталды

Бишкекте ысык суу берүүгө даярдык иштери башталды. Вице-мэр Таалайбек Байгазиевдин айтымында, учурда калыбына келтирүүдөн кийин системаны кайрадан ысык суу менен толтуруу, тармактарды сыноо жумуштары жүрүүдө.   Бул максатта адатта адистерге 3-4 күн талап кылынат. Тармактардагы мүмкүн болгон мүчүлүштүктөр жоюлгандан кийин шаар тургундарына ысык суу берилип… Кененирээк…

Бишкекте электробустар үчүн эки ДЕПОну реконструкциялоо иштери уланууда

Бишкекте электробустар үчүн эки ДЕПОну реконструкциялоо иштери уланууда. Мэриядан билдиришкендей, учурда аймактар транспорттун жаңы түрүн кабыл алууга даярдалып, электр кубаттоочу жабдуулар орнотулуп жатат.   Электробустардын алгачкы партиясы ордо калаага июнь айында келет деп күтүлүүдө.

Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды

Руслан Мукамбетов коргоо министри болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Мукамбетов буга чейин Башкы штабды жетектеп келген.   Ал эми Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматына буга чейинки коргоо ведомствосунун башчысы Бактыбек Бекболотов барды.

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында 60 орундуу жаңы заманбап оорукана ачылды

Өзгөн районунун Мырза-Аке айылында 60 орундуу жаңы заманбап оорукана ачылды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.   Жаңы оорукана заманбап стандарттарга ылайык курулган. Үч кабаттан жана эки блоктон турган имарат медициналык жабдуулар менен толук жабдылды. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен ишке ашырылды.