Министрлер кабинети белгилүү шарттарда кызматкерлердин эмгек акысын накталай төлөөгө уруксат берди

Министрлер кабинети белгилүү шарттарда кызматкерлердин эмгек акысын накталай төлөөгө уруксат берди. Чечим банктын инфраструктурасы жетпеген жерлерде жана айрым өзгөчө кырдаалдарда акчалай эсептешүүгө шарт түзөт.   Ошол эле учурда иш берүүчүлөр салыкты жана жумушчулардын эмгек укуктарына байланыштуу милдеттерди аткарууну улантууга тийиш. Эске салсак, эмгек акыны банк… Кененирээк…

“Гарри Поттер” боюнча сериал тартуу үчүн бүтүндөй шаар курулуп жатат

Улуу Британияда “Гарри Поттер” боюнча сериал тартуу үчүн баасы миллиард доллардан ашкан бүтүндөй шаар курулуп жатат. Анда бир эле учурда бир нече мезгилге арналган декорация жайгашат.   Ошондой эле актёрлор жашап жана туруктуу окуй алышы үчүн съемка боло турган жерге жакын чыныгы мектеп курулат. Башкы… Кененирээк…

Бишкекте балдардын эл аралык күнү белгиленет

Шаар мэриясынан билдиришкендей, 1-июнда эртең мененки саат 10дон кечки 10го чейин Ала-Тоо аянтында фотозона, сүрөт тартуу боюнча мастер-класстар, сынактар, флешмобдор, шоу программалар, спорттук оюндар жана майрамдык дискотека уюштурулат.   Мындан тышкары, 30-майдан 8-июнга чейин ордо калаада бешинчи эл аралык “Наристе” балдар фольклордук фестивалы өтөт. Ага… Кененирээк…

Муниципалдык унаа токтотуучу жайларга акча төлөбөгөндөргө айып салынат

Кыргызстанда муниципалдык унаа токтотуучу жайларга акча төлөбөгөндөр үчүн айып пул салынат. Мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Эми муниципалдык унаа токтотуучу жайлардын акысын төлөбөгөндүгү үчүн жеке жактар 1 миң сом, юридикалык тараптар 5 миң сом айыпка жыгылат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Бишкектин калкы 2028-жылга чейин 1 миллион 400 миңден ашык адамга жетет

Бул маалымат ордо калааны социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн жакынкы үч жылдык программасынын долбоорунун алкагындагы бир катар изилдөөлөрдүн негизинде белгилүү болду.   Адистердин айтымында, шаардын калкынын кескин өсүшү 2023-жылдан 2024-жылга чейин катталып, анда жашоочулардын саны дээрлик 13,5%га же 156 миң 400 адамга көбөйгөн.   Жыл башында Бишкекте… Кененирээк…

Францияда фермер 150 тонна алтын таап алды

Францияда фермер өзүнө таандык жердеги суунун жээгинде сейилдеп жүрүп, 150 тоннага жакын алтын таап алды. Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, анын табылгасы 4 млрд еврого (болжол менен 360 млрд сомго) бааланууда.   Фермер таап алган алтынды тиешелүү органдар алып кетишкен. Мыйзам боюнча табылга мамлекетке өтөт.… Кененирээк…

Тамчыдан Ош жана Алматыга самолет каттап баштайт

27-майдан тарта Тамчыдан Ош жана Алматыга самолет каттап баштайт. Novosti.kgге “Кыргызстан аэропорттору” аба майданынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, каттамды мамлекеттик авиакомпания аткарат.   Учуулардын саны учурда такталууда.   Эске салсак, буга чейин бүгүнтөн тарта Тамчы-Алматы түз аба каттамы ачылары кабарланган. Бирок рейс эмне себептен улам… Кененирээк…

Өзбекстан грин-карта лотереясын жеңгендердин саны боюнча сап башында

Өзбекстан АКШда туруктуу жашоого жол ачкан грин-карта лотереясын уткан өлкөлөрдүн сап башына чыкты.   Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, былтыр лотереяга 55 миңден ашуун өзбек жараны катышып, алардын 5 миң 564ү тандалган.   Грин-карта лотереясынын быйылкы жыйынтыгы жарыялана элек.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бүгүнтөн тарта 27-майга чейин күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Жарандарга сак болуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргыз-кытай чек арасындагы «Бедел» өткөрмө бекетинин иши жанданды

Кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жайгашкан «Бедел» көзөмөл-өткөрүү пунктунун иши жанданды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, аталган бекет эл аралык жүргүнчүлөргө ылайыкташкан. Белгиленгендей, пункт күнү-түнү иштейт, бирок тараптардын макулдашуусу менен иш тартибине өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн.   «Бедел» көзөмөл-өткөрүү бекети Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз… Кененирээк…