Ферганада кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү

Өзбекстандын Фергана облусунда 28-29-май күндөрү кыргыз-өзбек ишкерлеринин бизнес форуму өттү. Бул тууралуу Кыргызстандын Өзбекстандагы соода өкүлчүлүгү кабарлады. Иш-чарага Ош, Жалал-Абад, Нарын жана Баткен облустарынан 30дан ашык ишкерлер жана кыргыз-өзбек өнүктүрүү фондунун өкүлдөрү катышты. Форумдун жүрүшүндө эки өлкө ортосундагы соода-экономикалык кызматташтыкты мындан ары кеңейтүү маселелери кеңири… Кененирээк…

Кыргызстандык спортчулар салттуу жаа атуу боюнча дүйнө чемпиону болушту

25-27-май күндөрү Стамбулда салттуу жаа атуу боюнча 13-эл аралык Fetih Kupası турнири өттү. Салбуурун федерациясынан билдиришкендей, турнирге 40тан ашуун өлкөдөн келген 700дөн ашуун спортчу катышты. Кыргызстандык спортчулар бул турнирде өзгөчө ийгиликтерге жетишти. Алсак, Ынтымак Мурадил уулу эркектер арасындагы индивидуалдык мелдеште алтын медаль жеңип, дүйнө чемпион болду.… Кененирээк…

Садыр Жапаров «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 30-майда «Борбор Азия-Италия» саммитине катышуу үчүн Казакстандын Астана шаарына иш сапары менен келди. Мамлекет башчынын учагы Н.Назарбаев атындагы эл аралык аэропортко конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Борбор Азия мамлекеттеринин жана… Кененирээк…

Кыргызстанда “Балдар статистикасы” интерактивдүү порталы ишке кирди

Кыргызстандын Балдардын укуктары боюнча ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Улуттук статистика комитети, Бириккен Улуттар Уюмунун Балдар фондунун (ЮНИСЕФ) колдоосу менен “Балдардын статистикасы” жаңы интерактивдүү порталы расмий түрдө ишке киргизди. “Балдардын статистикасы” интерактивдүү порталы – бул ар кандай чөйрөдө балдардын абалына байланыштуу негизги көрсөткүчтөрдү ыңгайлуу көзөмөлдөөгө мүмкүндүк… Кененирээк…

“Манас” эл аралык аэропортуна үчүнчү телескоптук трап орнотулду

“Манас” эл аралык аэропортуна үчүнчү телескоптук трап орнотулду. “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришкендей, жаңы жабдуулар жүргүнчүлөрдү учакка отургузууда жана учактан түшүрүүдө, айрыкча каттамдар бир убакта келген учурда тейлөө процессин тездетет.   Кошумча трапты орнотуу жүргүнчүлөрдү тейлөө сапатын жакшыртууга жана аэропорттун өткөрүү мүмкүнчүлүгүн жогорулатууга багытталган.   Ушул… Кененирээк…

Эртең Кыргызстанда айрым мамлекеттик уюмдар иштейт

Министрлер кабинетинен билдиришкендей, ишемби күнү Мамлекеттик салык кызматы, Бажы кызматы жана Каржы министрлигинин Борбордук казынасы үчүн иш күнү болот.   Мындай чечим мамлекеттик бюджеттин киреше бөлүгүн аткаруу максатында кабыл алынды.   Улуттук банкка дагы 31-майда кадимки тартипте иштөө сунушу берилди.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкектин базарларындагы санитардык күндөр айына эки жолу гана болот

Бишкек шаарынын базарларындагы санитардык күндөр айына эки жолу гана болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Буга чейин ишкерлер муниципалитетке базарлардагы санитардык күндөрдүн белгиленген графигин карап чыгуу өтүнүчү менен кайрылышкан.   Эске салсак, базарлар ар дүйшөмбү сайын жабылчу. Эми жаңы чечимге ылайык, соода жайлары айына эки… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат эми ачык жарыяланбайт

Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү тууралуу маалымат эми ачык жарыяланбайт. Маалыматты “Электр станциялары” компаниясынан тастыкташты. Аталган ишкана буга чейин күн сайын суунун көлөмү тууралуу билдирип турчу.   Компания мындан ары маалымат “кызматтык колдонуу үчүн” категориясына кирип, аны УКМКнын уруксаты менен гана алууга болорун билдирди. Соңку… Кененирээк…

Өлкөдө IT тармагы, оператор, программист, тигүүчү, куруучу, айдоочу сыяктуу жумушчу кесиптерге суроо-талап жогору жана актуалдуу

Өлкөдө IT тармагы, оператор, программист, тигүүчү, куруучу, айдоочу сыяктуу жумушчу кесиптерге суроо-талап жогору жана актуалдуу.   Эмгек социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин иш менен камсыздоого көмөктөшүү боюнча чечимдерди даярдоо башкармалыгынын жетектөөчү адиси Садаткүл Мукамбетова билдиргендей, кызмат көрсөтүү тармагында чач тарач, тырмак жасоочу, визажист, жеткирүү кызматтарына… Кененирээк…

Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт

Жер мунапысына арыздарды кабыл алуу 1-июлда аяктайт. Тиешелүү токтомго ылайык, мурда трансформацияланган, бирок каттала элек жер тилкени жергиликтүү бийлик коомдук угуу өткөрбөй эле “калктуу конуштар” категориясына өткөрө алат.   Бул норма дача же багбанчылык үчүн берилген жерлерге тиешелүү эмес. Эске салсак, өлкөдө 2022-жылдан бери “жер… Кененирээк…