2-июнда Бишкектин айрым аймактарында суу болбойт

2-июнда Бишкектин айрым аймактарында диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндөгү оңдоо иштерин жүргүзүүгө байланыштуу суу болбойт. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Маалыматка ылайык, саат 10:00дөн 16:00гө чейин турак үйлөрдө, мектептерде, балдардын мектепке чейинки уюмдарында, саламаттык сактоо объекттеринде жана башка социалдык-тиричилик багыттагы жана өнөр-жай объекттеринде ичүүчү сууну… Кененирээк…

Балдар күнүнө карата борбордо «Наристе» фольклордук фестивалы өтөт

Балдарды коргоо күнүнө карата 31-майдан 4-июнга чейин Бишкекте 11 мамлекеттин жана өлкөнүн бардык облустарынын келген таланттуу балдардын катышуусунда бешинчи эл аралык «Наристе» балдар фольклордук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын маданият башкармалыгынын башчысы Урмат Белекбаев “Биринчи радионун” түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, эртең, 31-майда балдар… Кененирээк…

Жибек-Жолу проспектисинин бир бөлүгү ремонттон соң ачылды

Бишкекте жол оңдоо иштери мөөнөтүнөн мурда аяктаганына байланыштуу Жибек-Жолу проспектисинин Будённый көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү жолдун түндүк тарабынан унаа кыймылы үчүн ачылды.   Мэриядан билдиришкендей, учурда Жибек-Жолу проспектисинин Лермонтов көчөсүнөн Курманжан датка көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштеринен кийин унаа кыймылы үчүн ачык.