Айт намаз мечиттерде гана окулат
Айт намаз мечиттерде гана окулат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, таңкы саат 7ден баштап баяндар айтылып, намаз окуу тартиптери түшүндүрүлөт. Ал эми намаз жарым сааттан кийин башталат. Быйыл Курман айт 6-июнда белгиленет. Буга байланыштуу кыргызстандыктар үч күн эс алат.








