Бишкекте электробус болуп өзгөртүлгөн троллейбустар жакын арада каттамдарга чыгат
Бишкекте электробус болуп өзгөртүлгөн троллейбустар жакын арада каттамдарга чыгат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Пилоттук долбоордун алкагында контакттык троллейбустар кайра жабдууланып, автономдуу жүрүүчү электробус болуп жасалууда. Техникалык иштер ушул айда аяктайт. Андан соң, электробустар шаардык линияга сыноо режими менен чыгарылып, шаар тургундарына кызмат көрсөтүп баштайт.









