Ноокаттагы мектеп 20,2 млн сомго оңдоодон өттү

Ош облусунун Ноокат районуна караштуу Чеч-Дөбө айылында жайгашкан А.Осмонов атындагы мектептин капиталдык оңдоо иштери толугу менен аяктады. Курулуш министрлигинен билдиришкендей, мектепти оңдоо иштерине республикалык бюджеттен 20,2 млн сом бөлүнгөн. Оңдоо иштеринин алкагында чатыры, терезе жана эшик блоктору толугу менен жаңыланды. Ошондой эле ички жана тышкы… Кененирээк…

Tunduk тиркемеси аркылуу ипотекага кезекке турса болот

Эми Tunduk тиркемеси аркылуу мамлекеттик ипотекалык компаниядан үй алууга кезекке турса болот. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан билдиришти.   Белгиленгендей, буга болгону 2-3 мүнөттүк убакыт кетет жана бардык маалымат автоматтык түрдө толтурулат.   Бул жарандар үчүн шарттарды жеңилдетүүгө багытталган дагы бир реалдуу кадам, — деп… Кененирээк…

Канье Уэст өзүнүн расмий ысымын кайра өзгөрттү

Белгилүү рэпер жана продюсер Канье Уэст өзүнүн расмий ысымын кайра өзгөрттү. Эми анын жаңы аты — Йе Йе.   Бул чечимдин себептери азырынча ачык айтылган жок. Бирок анын бардык компаниялары документтерде жаңы ысымды — “менеджер” же “катышуучу” катары көрсөтүп жатышат.   Эске салсак, ал 2021-жылы… Кененирээк…

Жаңы окуу китептерин басып чыгарууга 744 миллион сом бөлүндү

Быйыл жаңы окуу китептерин басып чыгарууга 744 миллион сом бөлүндү. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди.   Анын айтымында, буга чейин англис тили боюнча 1 миллион нускадан ашык китеп басылып чыккан. Мындан тышкары математика жана табият таануу боюнча окуу китептеринин экспертизасы аяктап… Кененирээк…

“Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоо октябрга чейин бүтөт

“Эркечтам” көзөмөл-өткөрүү пунктун модернизациялоо 1-октябрга чейин бүтөт. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бул иштерге жаңы объектилерди куруу жана учурдагы инфраструктураны жаңылоо кирет.   Анын алкагында чек арадан өтүүдө ыңгайлуу шарттар түзүлөт деп күтүлүүдө.   Долбоордун жалпы баасы дээрлик 230 миллион сомду түзөт.… Кененирээк…

Бишкекте дагы бир көчөнүн бөлүгү убактылуу жабылды

Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү оңдоп-түзөө иштерине байланыштуу жабылды. Мэриянын маалыматына ылайык, иштер жолдун чыгыш тарабында, Москва көчөсүнөн Бөкөнбаев көчөсүнө чейинки бөлүктө башталды.   Реконструкциялоо иштеринин жүрүшүндө Бөкөнбаев көчөсүнүн Жаш Гвардиядан Турусбековго чейинки бөлүгү убактылуу унаа кыймылы үчүн эки тараптуу жолго айланат.  … Кененирээк…

Tunduk тиркемесинде баланы мектепке киргизүүнүн экинчи этабы жеткиликтүү

Баланы мектепке кабыл алуу боюнча экинчи этаптын алкагында арызды Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу берсе болот.   Санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, бул кызматтан 2018-2019-жылдары төрөлгөн балдардын ата-энелери пайдалана алышат. Учурда бош орундар калган мектептерге кабыл алуу жүрүп жатат.   Эске салсак, кабыл алуунун экинчи этабы… Кененирээк…

Кыргызстанда 7 миллиондон ашык активдүү Интернет колдонуучу бар

Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча маалымат Санарип министрлигине караштуу байланыш тармагын жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматы тарабынан берилди.  Жыл ичинде бул көрсөткүч 2,4%га, ал эми акыркы үч жылда 21,5%га өскөн.   Интернет колдонуучулардын саны жалпысынан уюлдук операторлордун активдүү абоненттеринин саны менен дал келет – 2024-жылдын аягында… Кененирээк…

Таш-Көмүр ГЭСинде пландуу оңдоо иштери жүргүзүлөт

Энергетика министрлигинен билдиришкендей, үч агрегатты, трансформаторлорду жана башка жабдууларды реконструкциялоо пландалууда. Иштер октябрь айынын аягына чейин бүтөт деп мерчемделүүдө.   Оңдоо иштери алдыдагы күз-кыш мезгилинде ГЭСтин энергетикалык натыйжалуулугун жогорулатууга жана жабдуулардын күтүүсүз иштен чыгуу ыктымалдыгын азайтууга мүмкүндүк берет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин жаңы депутаты Табылды Муратбеков ант берди

Жогорку Кеңештин жыйынында «Ыйман Нуру» парламенттик фракциясынан Жогорку Кеңештин депутаты Муратбеков Табылды Муратбековичтин ант берүү аземи болуп өттү. Белгилей кетсек, Табылды Муратбеков депутат Султанбай Айжигитовдун ордуна келген.