Ысык-Көлдө 800дөн ашык конок үйү саркынды сууларды тазалоо курулмаларына кошулган эмес
Ысык-Көл облусунда 822 конок үйү саркынды сууларды тазалоо курулмаларына туташтырылган эмес. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, президенттин «Ысык-Көл көлүнүн экологиясын коргоо боюнча шашылыш чаралар жөнүндө» жарлыгын аткаруунун алкагында Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан эс алуу объектилерине инвентаризациялоо иштери жүргүзүлдү.… Кененирээк…









