Кочкордо 375 орундуу мектеп пайдаланууга берилет

Кочкор районуна караштуу Кара-Суу айылында Ш.Рысмендеев атындагы жаңы мектептин курулушу толук аяктады. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор 2022-жылдан тарта республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып келген. Тендердик баасы 119 млн сомду түзөт. Мектеп 375 окуучу орунга ылайыкталган. Анда окуу класстар, лаборатория, актовый зал,… Кененирээк…

Өлкө аймагында туруксуз аба ырайы күтүлөт

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, өлкөдө 15-июнга чейин нөшөрлүү жаан-чачын жаап, республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.   Жарандарга сак болуу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

Бишкектин Фрунзе көчөсүнүн бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Мэрия билдиргендей, эртең жылуулук тармагын оңдоо иштери Сүйүмбаевден Тыныстановго чейинки тилкеде башталат. Иш 3-октябрга чейин созулат.   Маалыматка ылайык, жылуулук тармактын пайдаланууга берилгенине 50 жылдан ашып калгандыктан, авариялык абалда жана тез арада алмаштырууну талап кылат.  … Кененирээк…

Кыргызстанда 18 айыл ичүүчү таза суу менен камсыз болду

Баткендин 12 айылы, Таластын 6 айылы ичүүчү таза суу менен камсыз болду.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, калктуу пункттарда жаңы суу алуучу курулмалар, мунаралар, хлорлоочу агрегаттар жана бөлүштүрүүчү түтүкчөлөр курулду.   Жабдуулар толук ишке берилди.   Ушул жана… Кененирээк…

ӨКМ Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын текшерүүдө

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Ысык-Көлдөгү эс алуу жайларын текшерүүдө.   Ведомстводон билдиришкендей, адистер өрт өчүрүүчү баштапкы жабдуулардын, суу булактарынын жана гидранттардын абалын, ошондой эле эвакуациялык схемалардын жана чыгуу жолдорунун эркин болушун баалап жатышат.   Бул чара өрттүн чыгуу тобокелдиктерин азайтуу жана туризм сезону учурунда адамдар көп… Кененирээк…

Улуттук банк экономикалык өсүш болжолун жакшыртты

Улуттук банк Кыргызстандын 2025-жылга карата экономикалык өсүш болжолун кайра карап чыгып, жакшыртты. Бул болжол менен 8,5-9 пайызды түзөт.   Болжолдоонун өзгөрүшүнө инвестициялык активдүүлүктүн өсүшү, жарандардын реалдуу кирешелеринин жогорулашы жана товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө суроо-талаптын өсүшү таасир эткени белгиленген.   Улуттук банктын маалыматы боюнча 2026-жылы реалдуу… Кененирээк…

Бишкектин Түштүк магистралында унаа кыймылы чектелет

Эртең кечинде Бишкектин Түштүк магистралында унаа кыймылы чектелет. Мэриянын маалыматына караганда, жыл сайын үч миң адам катыша турган түнкү жарышка байланыштуу Жайыл Баатыр көчөсүнүн бир тарабы – Шералиевден Алыкуловго чейинки бөлүгү жабылат.   Мындай чектөө кечки саат 8ден түңкү 11ге чейин созулат.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкек – Талас аба каттамынын саны көбөйтүлөт

Бул тууралуу Novosti.kgге Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, август айында Кыргызстанга аталган компаниянын үчүнчү учагы келет. Анын алкагында Таласка самолет жумасына эки жолу учуп калат.   Эске салсак, учурда Талас шаарына учак аптасына бир жолу – бейшемби күндөрү каттайт.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкек – Раззаков аба каттамынын саны көбөйдү

Бул тууралуу Novosti.kgге Asman Airlines мамлекеттик авиакомпаниясынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, эми Бишкектен Раззаков шаарына учактар аптасына алты жолу – дүйшөмбү, шейшемби, шаршемби, жума, ишемби жана жекшемби күндөрү учат.   Билет баасы 3 миң 600 сомдон башталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Бишкекте көп кабаттуу үйдөн чыккан өрт толук өчүрүлдү

Бишкек шаарынын Октябрь районунун Токомбаев көчөсүндө жайгашкан көп кабаттуу үйдүн экинчи кабатында электр калканынан чыккан өрт саат 13:19да толук өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрттү өчүрүүгө жалпы 3 бөлүм жана штаб тартылган. Өрттүн кесепетинен 54 жаштагы эркек киши түтүнгө ууланып, тез жардам кызматы тарабынан… Кененирээк…