Токмокто эл аралык деңгээлдеги стадион курулат
Токмокто эл аралык деңгээлдеги стадион курулат. “Турмуш” басылмасы жазгандай, объект №8 мектептин базасында жайгашат. Анда заманбап футбол талаасы жана эки спорт аянтчалары болот. Андан тышкары, трибуналар, медициналык пункт, медиа борбор, конференц-зал жана башка техникалык жайлар каралат. Ошондой эле, 140 унаага чакталган парковка курулат.









