Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында QR-код колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн суммасы рекорддук 94 миллиард сомго жетти

Кыргызстанда жылдын биринчи кварталында QR-код колдонуу менен жүргүзүлгөн төлөмдөрдүн суммасы рекорддук 94 миллиард сомго жетти. Бул өткөн жылдын ушул мезгил аралыгына салыштырмалуу 24 эсе көп.   Улуттук банктын маалыматына ылайык, көрсөткүчтүн кескин өсүшү QR-технологияларды ишке киргизүүгө байланыштуу. Бүгүнкү күндө Кыргызстанда төлөмдүн мындай ыкмасы менен жарандарды… Кененирээк…

Принцесса Дианага таандык жүздөн ашык буюм аукционго коюлат

АКШда принцесса Дианага таандык жүздөн ашык буюм аукционго коюлат.   Тизмеде көйнөктөр, баш кийимдер, бут кийимдер, сумкалар жана башка көптөгөн нерселер бар. Бул анын аукционго коюлган буюмдарынын эң чоң коллекциясы болот.   Аукцион июнь айынын аягында өтөт. Андан түшкөн каражаттын бир бөлүгү кайрымдуулук уюмдарына берилет.… Кененирээк…

Кыргызстан тыюу салынган балык уулоочу шаймандардын импортуна көзөмөлдү күчөттү

Кыргызстан тыюу салынган балык уулоочу шаймандардын импортуна көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматы билдирди.   Контролдор синтетикалык торлорду, электр балык кармоочу приборлорду жана башка тыюу салынган каражаттарды камтыйт.   Мындай чара Ысык-Көлдү коргоого жана анын экосистемасын сактоого багытталган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Кыргызстанда жасалма интеллект менен түзүлгөн Aitil платформасы ишке кирди

Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссия Aitil деген аталыштагы жасалма интеллект менен даярдалган платформасын түздү.   Платформа жазылган текстти табигый үндө кыргызча окуп берет, маектерди, баяндамаларды жана аудиоматериалдарды автоматтык түрдө кыргыз тилинде жазат, кыргыз тили менен он башка тилдин ортосунда котормо жүргүзөт, колдонуучуга… Кененирээк…

Баткенде 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган спорт комплекси курулууда

Баткенде 10 миң көрүүчүгө ылайыкталган спорт комплекси курулуп жатат. Жергиликтүү бийлик билдиргендей, долбоорду ишке ашырууга мамлекеттик бюджеттен 1 млрд сом бөлүнгөн.   Комплексте стадион, кичи футбол аянтчалары, оюнчулар үчүн жатакана, унаа токтотуучу жай, үч машыгуу аянтчасы жана кийим алмаштыруучу бөлмөлөр болот.   Учурда жеринде 40… Кененирээк…

Жалал-Абад мэриясына 19 даана атайын техника тапшырылды

Жалал-Абад шаардык мэриясына коммуналдык кызматтар үчүн 19 даана атайын техника тапшырылды. Анын ичинен эки унаа жергиликтүү бюджеттин эсебинен, калган 17си Мамлекеттик лизинг компаниясы аркылуу алынган.   Мэриядан билдиришкендей, шаарга жакында дагы 15 атайын техника келет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Жалал-Абадда 100дөн ашык эски объектинин ордуна ипотекалык үйлөр курулат

Жалал-Абад шаарында 100дөн ашык обьект буздурулуп, анын ордуна көп кабаттуу ипотекалык турак жайлар курулат. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Барпы-Сейил көчөсүнүн жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүрүүдө. Аталган көчөнүн Ж.Бакиев жана Т.Байзаков проспектиси менен кесилишкен аралыгындагы турак жайлардын ээлерине Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан… Кененирээк…

Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага келди

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 17-июнда “Борбор Азия — Кытай” экинчи саммитине катышуу үчүн иш сапары менен Казакстандын Астана шаарына келди. Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду. Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Борбор… Кененирээк…

Ветеринардык-санитардык талаптарды аткарбагандарга 760 миң сомдон ашык айып пул салынды

Жыл башынан бери Кыргызстанда тамак-аш коопсуздугу боюнча 980ден көп ишкердик субъект текшерилип, ветеринардык-санитардык талаптар аткарылбагандыгы үчүн 760 миң сомдон ашык айып пул салынды.   Тиешелүү маалыматты Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Белгиленгендей, ветеринардык кызмат январь-май айларында тамак-аш коопсуздугун камсыздоо… Кененирээк…

“Чыгыш-5” кичи районунда суу жок болот

Ордо калаанын “Чыгыш-5” кичи районунда бүгүн суу жок болот.   Мэриядан билдиришкендей, суу кечки саат 8ге чейин өчүрүлөт.   Мунун себеби ремонт иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.