19-июндан тартып Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүнүн дагы бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат

19-июндан тартып Бишкектеги Курманжан Датка көчөсүнүн дагы бир бөлүгү унаа кыймылы үчүн жабылат. Мэриядан билдиришкендей, кеп анын Салиева көчөсүнөн Жибек Жолу проспектисине чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат.   Аталган тилкеде жолду оңдоо иштери 20-августка чейин уланат. Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу… Кененирээк…

ТИМ кыргызстандыктарды Иран менен Израилден чыгып кетүүгө чакырды

Тышкы иштер министрлиги Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу кыргызстандыктарды Иран менен Израилге барбай турууга, ал жакта жашаган жарандарды бул өлкөлөрдөн чыгып кетүүгө чакырды.   Мекеменин басма сөз кызматы билдирүүнү 18-июнда таратты. Анда жарандарды аба каттамдарына кирген чектөөлөрдү эске алуу жана чет өлкөдөгү мекемелердин, авиакомпаниялардын билдирүүлөрүнөн кабардар… Кененирээк…

Кыргызстанда санарип аттестаттар киргизилүүдө

Кыргызстанда санарип аттестаттар киргизилүүдө. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Лира Самыкбаева билдирди. Анын айтымында, мындай документтер бул жылдын бүтүрүүчүлөрүнө гана эмес, буга чейинкилерге дагы берилүүдө.   2000-жылдан берки аттестаттар электрондук вариантка өткөрүлүп жатат. Санарип аттестаттар бир катар артыкчылыкка ээ.   Алсак, алар тез арада… Кененирээк…

Үй-бүлө зомбулугуна айыптууну онлайн көзөмөлдөө боюнча мыйзам сунушталды

Юстиция министрлиги үй-бүлөлүк зомбулукка каршы күрөшүү үчүн электрондук билерик жана башка техникалык каражаттарды колдонууну сунуштады. Бул тууралуу мыйзам долбоору 18-июнда Жогорку Кеңеште биринчи окууда кабыл алынды. Юстиция министринин орун басары Алмазбек Зарылбек уулу мыйзамда зомбулукка кабылган адамдын коопсуздугун камсыздоого басым жасалганын түшүндүрдү.   Үй-бүлөдө зомбулук… Кененирээк…

Жасалма интеллект адамдарды ишсиз калтырууда

Жасалма интеллект адамдарды ишсиз калтырууда. Amazon компаниясынын башкы директору Энди Жасси жакынкы жылдары жасалма интеллекттин бизнес-процесстерге активдүү киргизилишинен улам кызматкерлерге болгон муктаждык азаярын эскертти.   Айрым иштерди аткаруу үчүн кызматкерлер азыраак керек болот, — деди ал. Эске салсак, 2022-жылдан бери Amazon 27 миңден ашуун кызматкерди… Кененирээк…

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 3 күн газ болбойт

Бишкектин айрым көчөлөрүндө 3 күн газ болбойт.   “Бишкекгаз” кызматынын маалыматы боюнча, орто басымдагы газ өткөргүчүндө авариялык-кайра калыбына келтирүү иштерин жүргүзүүгө байланыштуу 18-20-июнда Садыгалиев, Фрунзе, Киров көчөлөрү, Дэн Сяопин проспекти жана темир жол менен чектешкен аймакта газ берүү токтотулат.

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч көзөмөл-өткөрмө пункту 24 сааттык иш тартибине өтөт

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасындагы үч көзөмөл-өткөрмө пункту 24 сааттык иш тартибине өтөт. Бул тууралуу Фергана облусунун акимиатынын басма сөз кызматы билдирди.   Маалыматка ылайык, “Фергана” чек ара-бажы пункту, Шахимардан айылындагы “Оккия” бажы пункту жана “Сох” өткөрмө постунда жайгашкан “Чашма” көзөмөл пункту күнү-түнү үзгүлтүксүз иштеп… Кененирээк…

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө, бирок тартыштык жок

Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы өсүүдө, бирок тартыштык жок. Бул тууралуу Мунай ташуучулар ассоциациясынын президенти Канат Эшатов билдирди. Анын айтымында, өлкөдө күйүүчү май рыногундагы абал туруктуу.   Жыл башында АИ-92 үлгүсүндөгү бензиндин дүң баасы 650 доллар болсо, бүгүнкү күндө 730 долларга чейин көтөрүлдү. Бул дүңүнөн кое… Кененирээк…

Электр тармагындагы аварияга байланыштуу Бишкек жана Чүй облусунун басымдуу бөлүгүндө электр энергиясы өчтү

Электр тармагындагы аварияга байланыштуу Бишкек жана Чүй облусунун басымдуу бөлүгүндө электр энергиясы өчтү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, ордо калааны жарык менен камсыз кылган ири көмөк чордондо авария болду. Учурда адистер анын кесепетин жоюу аракетин көрүп жатат. Өлкөнүн башка… Кененирээк…

Ысык-Көлдө жол коопсуздугу боюнча көзөмөл күчөтүлдү

Ысык-Көл облусунда жол коопсуздугу боюнча көзөмөл күчөтүлдү. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, кошумча чара катары Бишкектен аймакка 52 кызматкер жана 24 кызматтык унаа жөнөтүлдү.   Инспекторлор эл көп чогулган эс алуу жайларында, пансионаттардын жана лагерлердин жанында, ошондой эле транспорт каражаттары тыгыз каттаган… Кененирээк…