Ноокаттын Нарай айылында 100 орундуу бала бакча ачылды

Бүгүн Ноокат районунун Нарай айылында 100 орундуу “Жаш жеткинчек” жаңы балдар бакчасы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Ачылыш аземине Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу, Жогорку Кеңештин депутаттары, Ош облусунун жетекчиси Элчибек Жантаев жана жергиликтүү тургундар катышты. Мектепке чейинки билим берүү… Кененирээк…

Нарын районунун Жылан-Арык айылында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу башталды

Нарын районунун Жылан-Арык айылында 150 окуучуга ылайыкталган жаңы мектептин курулушу башталды. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланууда.   Планга ылайык мектеп үч блоктон турат: окуу корпусу, өтмө галерея жана спорттук зал. Объекттин жалпы аянты — 1 миң 281… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо — 13” долбоорунун алкагында 3 миллиард 414 миллион сомго насыя берилди

“Айыл чарбасын каржылоо — 13” долбоорунун алкагында 3 миллиард 414 миллион сомго насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каражат өсүмдүк өстүрүү мал чарбачылыгы жана суу үнөмдөөчү технологиялар категориялары боюнча берилүүдө.   Белгилеп кетсек, жеңилдетилген насыяны эки мамлекеттик банк аркылуу… Кененирээк…

Кыргыз балбандары Азия чемпионатында 10 медаль утту

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча жаштар курама командасы (U-23) Азия чемпионатында 2 алтын, 4 күмүш, 4 коло медаль утту. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, мелдеш Вьетнамдын Вунг Тау шаарында өтүп жатат. Алтын медаль ээлери: 87 кг Асан Жанышов; 97 кг Нурманбет Раймалы уулу. Күмүш… Кененирээк…

ТИМ Америкадагы кыргызстандыктарды мыйзамдарды так сактоого чакырат

Тышкы иштер министрлиги Американын аймагында жүргөн, ошондой эле бул өлкөгө сапарга чыгууну пландап жаткан кыргызстандыктарды жашаган өлкөнүн миграциялык мыйзамдарын так сактоого чакырды. АКШнын Ички коопсуздук министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы жылдары Кыргызстандын жарандары тарабынан виза режиминин бузулушу, анын ичинде туристтик (B1/B2), студенттик (F, J, M) визалары боюнча… Кененирээк…

Кыргызстан менен Татарстан кызматташуу боюнча жол картасын кабыл алышты

Санкт-Петербургда өтүп жаткан Эл аралык экономикалык форумдун алкагында Кыргызстан менен Татарстан 2025-2027-жылдарга кызматташуу боюнча жол картасын кабыл алышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти. Документке Кыргызстандын өкмөтүнүн делегациясын жетектеп барган минкаб төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев менен Татарстан раиси Рустам Минниханов кол коюшкан. Амангелдиев Кыргызстан… Кененирээк…

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда темир тосмолор орнотулуп жатат

Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунда темир тосмолор орнотулуп жатат.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, ошондой эле трассанын 30-51-чакырымдарында жол чийини жаңыртылууда. Иштер жайкы мезгилде коопсуздукту күчөтүү жана жол кырсыктарын алдын алууга багытталат.

Кыргызстанда 1 миңге жакын дарыгер Мамлекеттик ипотека аркылуу үйлүү болду

Кыргызстанда 1 миңге жакын дарыгер Мамлекеттик ипотека аркылуу үйлүү болду. Бул тууралуу уюмдун төрагасы Темиркул Балтабаев билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата 2 миң 600дөн ашык медицина кызматкери батир алууга кезекте турат.   2027-жылдын аягына чейин алардын бардыгы мамлекеттик ипотека аркылуу үйлүү болушат, — деди… Кененирээк…

Кыргызстанда 10 күндөн кийин ОСАГО полиси жок айдоочуларга айып салынып баштайт

Кыргызстанда 10 күндөн кийин ОСАГО полиси жок айдоочуларга айып салынып баштайт. Милдеттүү камсыздандыруу жоктугу үчүн административдик жоопкерчиликке тартуу 1-июлдан тарта күчүнө кирет.   Физикалык жактарга айыптын өлчөмү 3 миң сомду түзөт. Андыктан, полиси жок жарандар тез арада камсыздандыруу уюмдарына кайрылышы керек.

Өлкөдө 2030-жылга чейин бир катар айыл чарба продукциясын кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталууда

Өлкөдө 2030-жылга чейин бир катар айыл чарба продукциясын кошумча нарк салыгынан бошотуу сунушталууда. Токтомдун долбоорун Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги иштеп чыгып, коомдук талкууга койду.   Учурда КНСтин коюму 12 пайыз. Бул жеңилдикти нанга, унга, картошка, мөмө-жемиш, эт, балык, суусундук,… Кененирээк…