“Биримдик кут” конушунда жаңы бала бакча курулууда

Бишкектеги “Биримдик кут” конушунда жаңы бала бакча курулууда. Шаар мэриясынан билдиришкендей, мекеме 280 орунга ылайыкташкан.   Ошондой эле тогуз балдар аянтчасын куруу пландалууда.   Эске салсак, “Биримдик кут” административдик-аймактык реформанын алкагында Бишкекке кошулган.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Мобилдик тиркеме аркылуу акча которууда комиссия албоо мөөнөтү узартылат

Улуттук банк интернет-банкинг аркылуу сом менен акча которуу үчүн комиссиядан бошотуу чечимин былтыр 25-ноябрда кабыл алган жана бул 31-декабрга чейин күчүндө болмок. Бирок ушул жылдын биринчи жарымында накталай эмес төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн көлөмү кыйла өскөн.   Бул тенденцияны сактап калуу үчүн өлкөнүн башкы каржы мекемеси… Кененирээк…

Талас шаарында беш кичи футбол аянтчасы курулууда

Novosti.kgге жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, объектилер мектептердин, жогорку окуу жайдын аймагында жана Тынчтык конушунда жайгашат.   Белгиленгендей, беш антча тең бир айдын ичинде толук пайдаланууга берилет.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Алтын-Ордо конушунда жолдор оңдолууда

Бишкектин Алтын-Ордо конушундагы Кадыр-Ата көчөсүндө жол оңдоо иштери жүрүүдө.   Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда узундугу 1,1 чакырымга созулган жолдун жер кыртышын иштеп чыгуу жана кайра толтуруу иштери жүрүп жатат. Бордюрларды жана ирригация системасын орнотуу иштерин баштоо пландалууда.   Курулуш иштеринин жүрүшүндө жолдун эки тарабына тротуар уюштурулуп,… Кененирээк…

Нарында сел 45 үйдүн короо-жайын каптады

Нарында нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен 45 үйдүн короо-жайын сел каптап, эки турак жайдын ичине суу кирген. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, алардын ичинен 14 турак жай камсыздандырылган.   Учурда селдин кесепеттерин жоюу иштери жүрүүдө.   Эске салсак, 22-июнда Нарындагы Ак-Коргон, Интернат аймактарында жайгашкан турак жайларды,… Кененирээк…

Ташкент-Тамчы аба каттамы ачылды

Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынын басма сөз кызматы кабарлады.   Маалыматка ылайык, каттам жекшемби күндөрү аткарылат жана 10-августка чейин жүрөт.   Аталган багытта аба каттамынын ачылышы Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы туризмди, ишкердик байланыштарды өнүктүрөт деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Ош шаарында дагы бир көчө оңдолду

Ош шаарынын Р.Абдыкадыров көчөсүнүн бир бөлүгүнө жаңы асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди.   Муниципалитеттен билдиришкендей, бул көчөнүн Өскөналиев көчөсүнөн Б.Осмонов көчөсүнө чейинки аралыгы жараксыз абалда болчу. Учурда эски жол толук капиталдык оңдоодон өттү.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Электр энергиясына карызы бар 6 миң 200 абоненттин жарыгы өчүрүлөт

Ордо калаада эртеңден тарта электр энергиясына карызы бар 6 миң 200 абоненттин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Бишкек электр тармактары” ишканасы эскертти.   Мекеме билдиргендей, жарык карыздын өлчөмүнө карап эмес, өз мөөнөтүндө төлөнбөгөнүнө байланыштуу өчүрүлөт. Эгер абонент карызын төлөсө электр жарыгы дароо автоматтык түрдө берилет.  … Кененирээк…

Көмүр ташып чыгууга салынган тыюу дагы узартылды

Кыргызстандын аймагынан көмүр ташып чыгууга салынган тыюу дагы узартылды. Министрлер кабинетинин токтомуна ылайык, мындай чектөө алты айга созулат.   Бирок кара отунду Кытай менен чектеш “Эркечтам” жана “Торугарт” өткөрмө бекеттери аркылуу алып чыкса болот. Документ расмий жарыялангандан 15 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.   Белгилеп… Кененирээк…

Агартуу министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесиин жарыялады

Агартуу министрлиги Жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгында эң көп балл алган бүтүрүүчүлөрдүн тизмесиин жарыялады. Ага ылайык, Бишкектин №70 мектебинин бүтүрүүчүсү Атай Эстебесов 242 упай топтоду.   Жалал-Абад шаарындагы мектептин окуучусу Медина Мухаммадова 240 балл алса, ордо калаанын №61 мектебининбүтүрүүчүсү Айбийке Жакшылыкова 235 упай менен үчүнчү орунда.… Кененирээк…