Бишкек шаардык кеңеши турак жай салыгынын коюмун 75 сом кылып бекитти

Бишкек шаардык кеңеши 2025-жылга турак жай салыгынын жаңы өлчөмүн чарчы метрине 75 сом деп бекитти. Мурда бул сумма 25,2 сомдон 63 сомго чейин боло турган. Түшүндүрмөдө инфляциядан улам турак жайдын баасы жыл сайын өсүп жатканы, ошол эле учурда салык коюму көптөн бери өзгөрбөй келгендиги жазылган.… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу өчүрүлөт. Мэриядан билдиришкендей, эртең мененки саат 9дан түн жарымга чейин суу Айтматов проспекти, Лев Толстой, Кулатов, Панфилов, Горький, Бөкөнбаев, Исанов көчөлөрүн  жана темир жолду бириктирген бөлүктө жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

“Нарын” аэропорту август айында колдонууга берилет

“Нарын” аэропорту август айында колдонууга берилет. “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришкендей, аба майдандын учуп-конуу тилкеси оңдолуп жатат.   Ал эми аэровокзал имараты толугу менен курулуп бүттү. Эске салсак, Нарын аэропорту 1964-жылы ишке кирген, бирок 1990-жылдардан тарта аба каттамдары токтоп калган. Калыбына келтирүү иштерине 90 миллион сом… Кененирээк…

1-июлдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт

1-июлдан тарта Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин кызматкерлеринин айлыгы жогорулайт. Бул тууралуу министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.   Президенттин жарлыгына ылайык, офицердик курамдын айлыгы 25 пайызга көтөрүлөт. Ал эми октябрь айында калган кызматкерлердин жана кенже тейлөөчү персоналдын айлыгын көтөрүү пландалууда, — деди чиновник.

Кыргызстан-Малайзия алакасы боюнча документтерге кол коюлду

25-июнда президент Садыр Жапаровдун Малайзияга болгон расмий сапарынын алкагында Малайзиянын премьер-министри Анвар Ибрагим эки өлкөнүн ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк багытында кызматташтыкты чыңдоо боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюшту.   Андан тышкары туризм, жогорку билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагында жана дипломаттарды даярдоо жаатында, ошондой эле экономикалык багыттагы бир… Кененирээк…

Республиканын тоолуу жана тоо этептериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар

Республиканын тоолуу жана тоо этептериндеги райондордо сел жүрүү коркунучу бар. Кооптуу абал 27-июнга чейин сакталат. Себеби — туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлөп жааган жаан.   Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт. Жарандарга этият болуу сунушталат. Кырсык учурунда дароо 112 номерине чалуу керек.

Ошто жаңы көпүрө колдонууга берилди

Ошто жаңы көпүрө колдонууга берилди. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, объект Өзгүр жана Төлөкөн айылдарын бириктирет. Курулушка каражат жергиликтүү бюджеттен бөлүнгөн.   Долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 8,5 миллион сом жумшалды. Буга чейинки көпүрө авариялык абалга келгендиктен, ал аркылуу өтүү кооптуу болуп калган.

Бишкекте пилоттук режимде “Электрондук апостиль” автоматташкан системасы ишке кирди

Бишкекте пилоттук режимде “Электрондук апостиль” автоматташкан системасы ишке кирди. Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, бул санарип платформасы процедураны толугу менен онлайн жасоого мүмкүнчүлүк берет — арыз берүүдөн тарта электрондук штамп алууга чейин.   Күтүлгөндөй, жаңычылдык кызмат алууну ыңгайлаштырып, катоо учурундагы адам факторун жокко чыгарат.

Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, Токмок шаарына мэр болуп дайындалды

Алтынбек Эргешов президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулуп, Токмок шаарына мэр болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.   Эске салсак, кечээ Токмок шаарынын мэри Максат Нусувалиев коррупцияга шектелип кармалып, бүгүн кызматынан бошотулду.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы кооптуу тилкелерде көзөмөлдү күчөттү

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өлкө аймагындагы кооптуу тилкелерде көзөмөлдү күчөттү. Бул тууралуу министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди. Анын айтымында, бир дагы кооптуу аймак кароосуз калбайт.   Адистер катуу шамал, жаан, көчкү, сел, таш түшүү, суу каптоо жана башка жаратылыш кырсыктары болушу мүмкүн деген жерлерди тынбай… Кененирээк…