Балыкчы — Кочкор жолу маал-маалы менен унаа кыймылына жабылат

“Кыргыз темир жолу” ишканасы эскерткендей, аталган трассада бургулоо жана жардыруу иштери жүрүп жатат. Чектөөлөр ар бир дүйшөмбү, шаршемби жана жума күндөрү 24 саат бою киргизилет. Башка күндөрү ачык болот.   Иш Балыкчы — Кочкор темир жолунун курулушунун алкагында жүргүзүлүүдө.   Айдоочулар сапарга чыгууну пландаштырууда бул… Кененирээк…

Сулайман-Тоодогу өрт 15 гектар жерди жалмады

Сулайман-Тоодогу өрт күндүзгү саат үчтө чектөөгө алынып, үч жарымда толук өчүрүлдү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, тилсиз жоо болжол менен 15 гектар жерди жалмаган. Жабыркагандар жок.   Өрттү өчүрүүгө жалпы төрт күжүрмөн эсеп, Кризистик кырдаалдарда башкаруу борборунан үч куткаруучу тартылды.   Эске салсак, бүгүн Ош шаарындагы… Кененирээк…

Балбан кыздар Азия чемпионатында үч медалга ээ болду

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча өспүрүмдөр курама командасы Азия чемпионатында үч коло медалга ээ болду. Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, медалды спортчулар Бактыгүл Жуманазарова, Аяна Асамаликова жана Меруерт Октябрева тагынышты.   Алар Вьетнамда өтүп жаткан мелдешке улук машыктыруучу Нурсултан Аскарбековдун жетекчилиги алдында катышты.  … Кененирээк…

Эртең Бишкектин түштүк тарабында суу болбойт

Муниципалитеттен билдиришкендей, 27-июнда эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин 11-кичи район – Көк-Жар – Улан кичи райондору жана Кара-Дарыя көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.   Мунун себеби ремонт иштерине байланыштуу.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстан Кытайга өрүк менен шабдалы экспорттоого аракет кылууда

Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Учурда бул максатта Баткен, Ош жана Ысык-Көл облустарында бактардын, таңгактоочу цехтердин шарттарын баалоо иштери жүрүүдө.   Өсүмдүктөр Кытайдын фитосанитардык талаптарына шайкеш келсе, товарды аталган өлкө рыногуна туруктуу экспорттоо мүмкүнчүлүгү түзүлөт.   Ушул… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш эки айлык эс алууга кетти

Бүгүн парламенттин жетинчи чакырылышынын төртүнчү сессиясы жабылды.   Төрага Нурланбек Тургунбек уулу билдиргендей, эми депутаттар бир ай шайлоочулар менен жолугуп иштешет, бир ай эмгек өргүүсүндө болот.   Иш сентябрдын биринчи жумушчу күнүнөн тарта башталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша… Кененирээк…

Ош – Кара-Суу унаа жолунун 15 чакырымы реконструкцияланат

Ош – Кара-Суу унаа жолун оңдоо иштери бир жумадан кийин башталат. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгү билдиргендей, аталган жол төрт тилкелүү болуп, эки капталы тротуар, велосипед жолу жана жарыктандыруу менен камсыздалат.   Эске салсак, быйыл Ош облусунун жолдорун жакшыртуу үчүн Турукташтыруу фондунан кошумча төрт млрд сом бөлүнгөн.… Кененирээк…

Жыл башынан бери 200 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду

Жыл башынан бери тиричилик абоненттерине 200 миңден ашык акылдуу эсептегич орнотулду.   Энергетика министрлигинен билдиришкендей, приборлорду орнотуу Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылууда.   2025-жылдын аягына чейин дагы 300 миң акылдуу эсептегич коюу пландалууда. Анын ичинде алыскы жана жетүүгө кыйын болгон калктуу конуштар да бар.… Кененирээк…

Өлкөдө ОСАГО полисин алгандардын саны өсүүдө

Өлкөдө унаа ээлеринин жарандык жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу полисин (ОСАГО) алгандар көбөйдү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунан билдиришти. Маалыматка ылайык, бүгүн, 26-июнга караган түнү Бишкек шаарындагы Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун филиалында 204 полис берилди. Бул унаа ээлеринин мыйзам талабын өз убагында аткарууга болгон аракетин көрсөтөт. Мындан тышкары,… Кененирээк…

Токмок шаарынын мэри жана анын кол алдындагылар эки айга камакка алынды

Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиев жана аны менен кармалгандар камакка алынды. Бул тууралуу Бишкек шаардык сотунун маалымат кызматы билдирди. Чечимди Бишкек шаарындагы Октябрь райондук соту кабыл алган. Бардыгына «Коррупция» беренеси боюнча айып тагылган. Шектүүлөр 24-августка чейин УКМКнын тергөө абагында кармалат. Эске салсак, 24-июнда УКМКнын… Кененирээк…