Бишкекте митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу кайрадан узартылды

Бишкектин Биринчи май районунун аймагында митинг-пикет өткөрүүгө салынган тыюу дагы узартылды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.   Соттун чечимине ылайык, 1-июлдан 30-сентябрга чейин шаардын борбордук аянттарында мамлекеттик иш-чаралардан тышкары тынчтык жыйындарын өткөрүүгө болбойт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Ысык-Атада «Такыр-Төр» көлү жырылып, 180 үй-бүлө эвакуацияланды

Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.   Учурда Алмалуу, Тоолуу Серафимовка жана Төмөнкү Серафимовка айылдарында да эвакуациалоо иш-чаралары жүрүп жатат.   Ошондой эле жеринде көзөмөл пункту уюштурулуп, жумушту топ күчөтүлгөн режимде иштөөдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.  … Кененирээк…

Алматы — Тамчы аба каттамы ачылды

Бүгүнтөн тарта Алматы — Тамчы аба каттамы ачылды.   “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришкендей, аталган багыт боюнча учактар жумасына эки жолу — дүйшөмбү жана жума күндөрү каттайт. Учуу убактысы 1 саат 20 мүнөттү түзөт.   Каттамды мамлекеттик авиакомпания аткарат. Билет баасы 6 миң сомдон башталат.  … Кененирээк…

ОСАГО полисин Бишкек, Ош жана Чүйдө күнү-түнү тариздөөгө болот

Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун аталган жерлердеги филиалдары дем алышсыз, 24 саат бою иштеп баштады. Ага ылайык, ордо калаа тургундары Москва көчөсү, 71 дарегиндеги кеңсеге, түштүк калаа жашоочулары Касымбеков көчөсү, 30 дарегинде, Чүй облусунун жашоочулары Бишкек шаары, Абай көчөсү, 40 дарегинде майрам күндөрү да келип, автоунааларына жарандык… Кененирээк…

Максим Лисицын улуттук кураманын башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Орусиялык адис Максим Лисицын Кыргызстандын футбол боюнча улуттук курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынын кетти.   Анын 2024-жылы Кыргыз футбол биримдиги менен түзгөн бир жылдык келишими ушул жылдын июнь айында аяктады. Башкы машыктыруучу менен кошо анын машыктыруучулук штабы да ишин токтотту.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына жаңы мэр дайындалды

Каныбек Адиев Ысык-Көл облусунун Каракол шаарынын мэри болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.   Ал эми буга чейинки калаа башчы Тимур Мадяров Түп районунун акими болуп дайындалды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Россиядагы кыргыз жарандары документтерин тууралап алышы зарыл

Россиядагы мыйзамсыз жүргөн мигранттар 10-сентябрга чейин документтерин тууралап алышы керек. Кыргызстандын аталган өлкөдөгү элчиси Кубанычбек Бөкөнтаев билдиргендей, бул мөөнөт акыркы мүмкүнчүлүк жана андан ары узартылбайт.   Мындан улам, Россиядагы миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калгандар аймактык миграция бөлүмдөрүнө кайрылып, 10-сентябрга укуктук абалын мыйзамдаштырышы… Кененирээк…

Ошто Эдельвейс дачасына алып баруучу жолго асфальт төшөлдү

Ош шаарында Эдельвейс дачасынын жолуна асфальт төшөлүп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, узундугу бир чакырымды түзгөн жолдун абалы буга чейин начар болгон.    

Президенттин Нарындагы өкүлү болуп Нурбек Сатаров дайындалды

Президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Нурбек Сатаров дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Ал буга чейин Ат-Башы, Ала-Бука райондорунун акими, Жалал-Абад шаарынын биринчи вице-мэри, президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызматтарын аркалаган.   Эске салсак, 25-июнда президенттин Нарындагы… Кененирээк…

Чолпон-Атада ат майданы жана жылкы заводу Айыл чарба министрлигинин карамагына өттү

Чолпон-Атада ат майданы жана №54 жылкы заводу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин карамагына өттү. Ведомстводон билдиришкендей, айыл чарба министри Бакыт Төрөбаев Чолпон-Ата шаарындагы «Этномаданиятты, ат-спорт индустриясын жана асыл тукум жылкы чарбасын өнүктүрүү борбору» жылкы заводунун ишмердүүлүгү менен таанышты. Ал асыл-тукум… Кененирээк…