Бишкекте Москва көчөсүн оңдоо иштери аяктады
Бишкекте Москва көчөсүн оңдоо иштери аяктады. Кеп анын Асаналиев көчөсүнөн Жаш Гвардия бульварына чейинки бөлүгү тууралуу болуп жатат. Учурда тилке унаа кыймылы үчүн ачылды. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган бөлүктө бордюрлар орнотулуп, асфальттын жаңы катмары төшөлдү.









