1-сентябрдан баштап мугалимдер электрондук журнал пайдаланышат

1-сентябрдан баштап мугалимдер электрондук журнал пайдаланышат. Бул тууралуу Агартуу министринин орун басары Надира Жусупбекова билдирди. Анын айтымында, мурда мугалимдер толтуруп келген класстык журнал жокко чыгарылды.   2025-2026-окуу жылында мугалимдер «Мугалим» автоматташтырылган маалымат системасы аркылуу электрондук журналды гана толтурат, — деди Жусупбекова.

Бишкекте эртеңден тарта Шопоков көчөсүнүн Чүй проспекти менен кесилиши жабылат

Бишкекте эртеңден тарта Шопоков көчөсүнүн Чүй проспекти менен кесилиши жабылат. Мэриядан билдиришкендей, бул жер алдындагы өтмөктүн курулушуна байланыштуу.   Тыгындардын алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.

Өлкөдө жыл сайын ишкерлик субъектилеринин саны өсүүдө

Өлкөдө жыл сайын ишкерлик субъектилеринин саны өсүүдө. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күнгө карата Кыргызст анда 155 миң фирма катталган.   Эгер буга чейин жеке ишкерлердин саны 98 миңдей болсо, учурда алар 500 миңге жетет. Шыкмаматов белгилегендей, бул… Кененирээк…

Кыргызстанда минералдык жана газдалган сууга милдеттүү маркалоо киргизилет

Кыргызстанда минералдык жана газдалган сууга милдеттүү маркалоо киргизилет. Министрлер кабинети тиешелүү токтом кабыл алды. Мындай чара айрым товарлардын өндүрүшүн жана импортун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө жана бюджетке салыктык түшүүлөрдү көбөйтүүгө багытталган.   Токтом 2025-жылдын 14-июлунда күчүнө кирет.

Москва районунда томолой жетим балдар жер тилкелерине ээ болду

Москва районунда томолой жетим эки бала жер тилкелерине ээ болду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Москва райондук прокуратурасы тарабынан томолой жетим балдардын укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу максатында жүргүзүлгөн текшерүүдө 2 томолой жетим бала жер тилкелери менен камсыз болбогондугу аныкталган. Прокурордук чара көрүү… Кененирээк…

Ак-Талаа районунун акими кызматынан бошотулду

Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” КР мыйзамынын 8-беренесинин 2-бөлүгүнө, 10-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1-пунктуна ылайык Нарын облусунун Ак-Талаа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы – аким Жапаров Жумадилла Курсанбаевич жеке арызынын… Кененирээк…

Ош шаардык төрөт үйүнүн кошумча имараты пайдаланууга берилди

Ош шаардык төрөт үйүнүн кошумча имараты пайдаланууга берилди. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Жаңы имарат төрөт үйүнүн аймагында жайгашканы менен жеке тараптар оорукана катары пайдаланып келген. Шаар мэри Жеңишбек Токторбаев төрөт үйдө орун жетишсиздигинен улам эне-бала палатадан сыртта каралып жаткандыктан, имаратты кайтарып алып, жаңыдан оңдоп-түзөөдөн өткөрүп,… Кененирээк…

Алматыдан Ысык-Көл жээгине алгачкы аба каттамы аткарылды

Алматыдан Ысык-Көл жээгине алгачкы аба каттамы аткарылды.   Аталган багыт боюнча учактар 31-августка чейин, жумасына эки ирет — бейшемби жана жекшемби күндөрү учат. Учуу убактысы болгону бир саатты түзөт.

Ош шаарында муниципалдык инспекция түзүлдү

Ош шаарында муниципалдык инспекция түзүлдү. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, жаңы инспекциянын курамына 12 кызматкер кирип, алар санитардык абалга көз салып, тартип жана тазалыкты бузуу фактылары үчүн айып салат.   Анын негизги милдеттерине — таштанды чыгаруу тартибин көзөмөлдөө, коомдук жайларды булгагандарды жана көрктөндүрүү эрежелерин бузгандарды аныктоо.… Кененирээк…

Ысык-Көл облусундагы Каркыра айылында чек ара өткөрүү түйүнү ачылат

Ысык-Көл облусундагы Каркыра айылында чек ара өткөрүү түйүнү ачылат. Бул максатта аталган айылдын аймагында дээрлик 7 гектар жер айыл чарба категориясынан өндүрүш, транспорт, байланыш, энергетика жана коргоо үчүн жерлер категориясына өткөрүлдү.   Мындай чечим министрлер кабинетинде кабыл алынды.   Белгилеп кетсек, “Каркыра” көзөмөл пункту аркылуу… Кененирээк…