Садыр Жапаровдун Азербайжанга болгон иш сапары аяктады

Президент Садыр Жапаровдун Азербайжанга 3-4-июлда болгон иш сапары аяктады. Сапардын биринчи күнүндө мамлекет башчысы жана президент Ильхам Алиев Агдам районунун Хыдырлы айылындагы «Айкөл Манас» орто мектебинин ачылыш аземине катышты. Салтанаттуу иш-чаранын алдында президенттер Хыдырлы айылындагы калыбына келтирүү иштеринин жүрүшү менен таанышып, көчүрүлгөн эки миң адам… Кененирээк…

Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн бир бөлүгү оңдоо иштеринен кийин ачылды

Бишкектеги Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Суванбердиев жана Скрябин көчөлөрүнүн аралыгындагы жол тилкесинде оңдоо иштери мөөнөтүнөн он күн мурда аяктады. Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган жол бөлүгүндө эскирген магистралдык жылуулук тармактын  узундугу 65 метр, диаметри 530 мм  участкасы алмаштырылды. Бул жылуулук түтүгү 1985-жылдан бери пайдаланылып келген жана өзүнүн нормативдик мөөнөтүн… Кененирээк…

«ЭлКат» ишканасы мамлекетке кайтарылды

«ЭлКат» эл аралык байланыш оператору мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди. «Сот мурдагы соттук чечимдерди жокко чыгарып, мамлекеттин мүлккө болгон укугун калыбына келтирди», — деп айтылат маалыматта. Ишкана 5,8 миллиард сомго бааланган.

Бишкекте рейд жүрүп, 681 чет элдик жаранга 3,7 млн. сом айып салынды

Бишкек ШИИББи ордо калаада «Нелегал» аталышындагы рейд жүргөнүн кабарлады.   Маалыматта иш-чара чет өлкөлүк жарандар көп чогулган курулуш объектилерин, тигүү цехтерин, кафелерди, базарларды жана турак жай кварталдарын камтыганы айтылат. Рейддин жүрүшүндө чет өлкөлүк жарандар арасында Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо, жергиликтүү каада-салты урматтоо жана борбор калаада… Кененирээк…

Бишкекте үч эм төрөлдү

3-июлда Шаардык перинаталдык борбордо кесарево жолу менен үч эм төрөлдү. Саламаттык сактоо министрлигинен маалымдашкандай, Бишкек шаарынын 22 жаштагы тургуну кош бойлуулуктун 33 жумалыгында эрте толгоо коркунучу менен борборго келип түшкөн. Бул анын экинчи жолку кош бойлуулугу. Кыздар 2370,0 г., 2080,0 г., 2100,0 грамм салмакта төрөлдү.… Кененирээк…