Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот
Ысык-Көл облусунда жаңы мектеп пайда болот. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, 150 орунга эсептелген объект Ак-Суу районунун Кызыл-Кыя айылында жайгашат. Учурга карата курулуш иштери 60 пайызга аткарылды. Мектеп колдонууга жыл аягына чейин берилет деп пландалууда.









