Алай районунун Сары-Могол айылында 140 орундуу бала бакча курулууда
Алай районунун Сары-Могол айылында 140 орундуу бала бакча курулууда. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, бала бакчанын жалпы аянты 1 миң 400 чарчы метрди түзөт. Курулуш республикалык бюджеттин эсебинен жүрүүдө. Объект ушул жылдын соңуна чейин пайдаланууга берилет.









