Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин айланасы көрктөндүрүлөт

Төө-Ашуу ашуусундагы туннелдин айланасы көрктөндүрүлөт.   Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, планга ылайык, унаа токтотуучу жайлар, эс алуу аймагы жана башка бир катар объектилерди куруу каралууда.   Ошондой эле туннелдин кире беришинде жол катмары жаңыртылат. Жерине атайын техника тартылып, иштер жакын арада башталат.

Өзгөндө борбордук стадиондун курулушу уланууда

Өзгөндө борбордук стадиондун курулушу уланууда. Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда объектте эски тосмолор алынып, жаңы чуркоо жолдору төшөлүп, волейбол аянтчасы орнотулуп, медициналык пункт жана жуунучу жайлар курулууда.   Ошондой эле көрүүчүлөр трибунасы салынып жатат.

Баткен районунун 113 тургунуна 150 миң сомдук социалдык контракттын сертификаттары тапшырылды

Баткен районунун 113 тургунуна 150 миң сомдук социалдык контракттын сертификаттары тапшырылды. Облустагы өкүлчүлүктөн маалымдашкандай, быйыл облуска 2 миң 54 квота бөлүнгөн. Жыл башынан бери 253 үй-бүлөгө сертификаттарын алышты.   Алар тигүүчүлүк, өндүрүш, мал чарбачылык, соода-сатык жана башка тармактар боюнча ишмердүүлүк жүргүзүүдө. Ишкердигин ийгиликтүү ишке ашырган… Кененирээк…

Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1,1 миллиард сом бөлүнүп, шаарга 12 кабат ипотекалык үйлөр курулат

Балыкчы шаарын өнүктүрүүгө 1,1 миллиард сом бөлүнүп, шаарга 12 кабат ипотекалык үйлөр курулат. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгынан кабарлашты. Каражат инфраструктураны өнүктүрүүгө, социалдык объектилерди курууга жана жашоо сапатын жакшыртууга багытталат.   Алсак, шаардын негизги көчөлөрүнө заманбап жарыктандыруу системалары орнотулат. Ал эми 20-июлда 12 кабат ипотекалык… Кененирээк…

Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан ашыкча документтер жоюлат

Кыргызстанда бизнес жүргүзүүгө тоскоолдук жараткан ашыкча документтер жоюлат.   Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, атайын комиссия түзүлдү жана документтерди баалоо критерийлери бекитилди.   Мамлекеттик органдар үч жума аралыгында уруксат берүү кагаздарын инвентаризациялап, алардын негиздүүлүгүн текшерип, жоюуга мүмкүн болгондорун аныкташат. 4-августка чейин министрлик сунуштарды чогултуп, комиссияга… Кененирээк…

Жамалбек Ырсалиев Бишкектин вице-мэри кызматынын бошотулду

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев Жамалбек Ырсалиевди вице-мэр кызматынан бошотту. Мэриянын басма сөз кызматы анын кызмат орду толугу менен жоюлганын, функциясы Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктура департаментинин башчысына берилгенин кабарлады. Мунун алдында Улуттук коопсуздук комитети (УКМК) Ырсалиевге кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу беренеси менен иш козголгонун,… Кененирээк…

Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар ири объектилер ишке берилет

Жалал-Абадда Эгемендүүлүк күнүнө карата бир катар ири объектилер ишке берилет. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Алардын арасында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан салынып жаткан “Асман Резиденс — 2,3” турак-жай комплекстери бар.   Андан тышкары, 31-августта администритивдик имарат, мэриянын имараты бокс академиясы, футбол… Кененирээк…

Нарында канаттуу этин кайра иштетүү боюнча заводдун курулушу аяктап калды

Нарында канаттуу этин кайра иштетүү боюнча заводдун курулушу аяктап калды. Ишкананын продукциясы Кытайга экспорттолот.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, долбоор кайра иштетүү тармагын өнүктүрүүгө, Кыргызстандын экспорттук потенциалык көбөйтүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана Кытай менен соода-экономикалык байланышты бекемдөөгө багытталат.   Күтүлгөндөй, объект эл аралык талаптарга жооп… Кененирээк…

Бишкекте эл аралык футбол турнири өтөт

Бишкекте 23-июлга чейин олимпиадалык курама командалар арасында эл аралык футбол турнири өтөт. Кыргыз футбол бирлиги билдиргендей, ага Кыргызстандын курама командасы, ошондой эле Оман, Бахрейн жана Сириянын жаштар командалары катышат.   Оюндар Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо жана Беш-Күнгөй айылындагы “Достук Арена” стадионунда болот.   Турнир Бишкекте… Кененирээк…

Нарында автобекет капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө

Нарын шаарында автобекет капиталдык оңдоодон өткөрүлүүдө.   Мэриядан билдиришкендей, оңдоо иштери президенттин турукташтыруу фондунан бөлүнгөн 807 млн сомдун эсебинен жүргүзүлүүдө.   Тиешелүү тараптарга объектти өз учурунда ремонттоп бүтүү тапшырылды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.