Өлкөнүн төрт облусунда сел жүрүшү мүмкүн

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты. Ага ылайык, 19-20-июлда туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Ысык-Көл, Нарын, Ош облустарынын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.

Төө-Ашууда салына турган альтернативдик туннелдин долбоору бекитилди

Төө-Ашууда салына турган альтернативдик туннелдин долбоору бекитилди. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы кол койду. Жаңы объекттин узундугу 12 чакырымга жетет.   Ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизм аркылуу курулат. Буга чейин жаңы маршрут серпантинди кыйгап өтүп, аралыкты  34 чакырымдан 11 чакырымга чейин кыскарта турганын, ал эми ашууну… Кененирээк…

Монголиянын президентинин мамлекеттик сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө жол маал-маалы менен жабылат

Монголиянын президентинин мамлекеттик сапарына байланыштуу Ысык-Көлдө жол маал-маалы менен жабылат. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, убактылуу чектөөлөр 21-22-23-июль күндөрү киргизилет. Болжол менен чектөөлөр “Тамчы” аэропортунан Чолпон-Атадагы мамлекеттик резиденцияга чейинки бөлүктө болушу мүмкүн.   Эске салсак, өлкөгө  20-июлда мамлекеттик сапар менен Монголиянын президенти… Кененирээк…

Бишкекте 5 автобустун каттамы убактылуу өзгөртүлдү

Бишкек шаарында Чүй проспектиси менен Ауэзов көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан көпүрөнү реконструкциялоо иштери башталган. Муниципалитеттен билдиришкендей, иштердин алкагында Ауэзов көчөсүнүн Шабдан баатыр көчөсүнөн Сагымбай манасчы көчөсүнө чейинки бөлүгү жылдын аягына чейин убактылуу жабык болот. Жол кыймылындагы убактылуу чектөөлөргө байланыштуу №№7, 36, 48, 105, 216 автобус каттамдарынын… Кененирээк…

Ошто жаңы парктын курулушу уланууда

Ошто жаңы парктын курулушу уланууда. Эс алуу аймагы Исанов көчөсүндө жайгашат. Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, анда парковка, кичи футбол талаасы жана кафелер болот.   Учурда скверде сугаруу системасы орнотулуп, таман таштар төшөлүүдө. Муниципалитеттен белгилешкендей, аталган аймак буга чейин каралбай калып, колдонулган эмес.

Маданият министрлигине 72 кызматтык унаа тапшырылды

Маданият министрлигине 72 кызматтык унаа тапшырылды.   Министрлер кабинетинен билдиришкендей, анын ичинде 15 чоң автобус жана 57 кичи автобустар бар. Күтүлгөндөй, транспорт китептерди, жабдууларды, адистерди жеткирүүдө, көчмө концерттерди, көргөзмөлөрдү уюштурууда колдонулат. Техниканы сатып алууга 359 миллион сом бөлүнгөн.

Өлкөдөгү бардык кыска мөөнөттүү бала бакчалар сентябрга чейин ишке кирет

Өлкөдөгү бардык кыска мөөнөттүү бала бакчалар сентябрга чейин ишке кирет. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан 560 объект ачылат деп күтүлүүдө.   Ар бир бакча эмерек, окуу материалдары, оюнчуктар жана башка зарыл жабдуулар менен камсыздалат. Эске салсак, кыска мөөнөттүү бала бакчалар 3 саат иштейт, аларда балдар уктабайт… Кененирээк…

Кыргызстанда быйыл экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү программасынын алкагында 63 жаңы ишкана ачылат

Кыргызстанда быйыл экспорттук инфраструктураны өнүктүрүү программасынын алкагында 63 жаңы ишкана ачылат. Алардын басымдуусу Нарын облусунда жайгашат.   Бул жерде 10 объект ишке кирет, соода жана логистика борборлору, сафлор майын өндүрүүчү завод, жүн иштетүүчү цехтер, минералдык суу чыгаруу ишканасы, сүт жана канаттуу этин кайра иштетүү заводдору… Кененирээк…

Кыргыз, тажик, өзбек чек аралары кесилишкен чекит жөнүндөгү келишим ратификацияланды

Кыргыз, тажик жана өзбек чек аралары кесилишкен чекит жөнүндөгү келишим ратификацияланды. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду.   Бул документти Жогорку Кеңеш 25-июнда кабыл алган. Келишимге үч өлкөнүн президенттери 31-мартта Тажикстандын Худжанд шаарында кол коюшкан. Чек аралары кесилишкен чекитте символикалык стела орнотулган.   Ушул… Кененирээк…

Балыкчыда жаңы спорт комплекс курулат

Балыкчы шаарына курула турган жаңы спорт комплекстин эскизи даяр болду. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.   Долбоордо 350 орундуу спорт залы, бокс, фитнес, күрөш, шахмат, теннис, бий жана йога залдары каралган.   Объекттин сырткы көрүнүшү заманбап стилде, жарык, экологиялык таза… Кененирээк…