Баткенде жаңы көмөк чордондун курулушу башталды

Баткен шаарында «Суу башы» жаңы көмөк чордонунун курулушу башталды. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, объекттин курулушуна мэрия тарабынан 1 гектар жер аянты жана 35 млн сом бөлүнүп, жабдуулар алып келинди.   Көмөк чордондун курулушу менен Жаңы Баткен шаарына, Жаңы Достук айылына, Баткен шаарынын өнөр жай аймагына,… Кененирээк…

Кыргызстандык балбандар Польшада күч сынашат

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курама командасы Польшада өтө турган эл аралык турнирге катышат.   Мелдештер 30-июлдан 3-августка чейин өтөт.   Жалпысынан грек-рим жана эркин күрөш боюнча эркектер жана аялдар арасында 30 медаль топтому ойнотулат.    

Ала-Арча паркынан эми кыргыз тасмаларын көрүүгө болот

Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркынын коноктору эми Т.Океев атындагы «Кыргызфильм» улуттук киностудиясында тартылган тасмаларды акысыз көрө алышат. Бул тууралуу аталган киностудиядан кабарлашты. Маалыматта белгиленгендей, кино тасмалар жайкы сезондун аягына чейин ар дем алыш күнү парктын амфитеатрында, саат 18:00дө көрсөтүлүп турат. Долбоорду «Ала-Арча» паркынын администрациясы демилгелеп, «Кыргызфильм»… Кененирээк…

Балыкчыда 3 миң 700 батирлүү ипотекалык турак жайдын курулушу башталды

Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында жаңы ипотекалык турак жай комплексинин курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин иш башкармалыгы маалымдады.   Пландалган долбоор боюнча 12 кабаттуу заманбап үйлөр курулуп, жалпы 3 миң 700 батирге эсептелет. Долбоор мамлекеттик ипотекалык программанын алкагында ишке ашырылууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен… Кененирээк…

Бишкектеги мектептер үчүн окуу китептерин сатып алууга 68,5 млн сом каралды

Быйыл Бишкек шаарындагы мектептер үчүн окуу китептерин сатып алууга 68,5 миллион сом каралды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.   Маалыматка ылайык, муниципалитет Агартуу министрлигинен сунушталган окуу китептеринин тизмесин алды. Райондор аралык билим берүү борборлору “Учкун” басмаканасы менен келишим түзүштү, анын алкагында керектүү китептер сатып алынат.  … Кененирээк…

Аз камсыз үй-бүлөлөр менен 1 миң 286 социалдык келишим түзүлдү

Кыргызстанда аз камсыз үй-бүлөлөр менен 1 миң 286 социалдык келишим түзүлдү. 1-июлга карата маалымат менен Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги бөлүштү.   Жарандарга ишкерлик менен алектенүү үчүн 150 миң сом өлчөмүндө каржылык колдоо көрсөтүлдү. Жалпысынан быйыл бул программа өлкө боюнча 13 миңден ашуун үй-бүлөнү… Кененирээк…

Бишкекте ЖЭБдин жанында жаңы жол пайда болот

Муниципалитеттен билдиришкендей, анын жалпы узундугу 800 метрди, туурасы 8 метрди түзөт. Жөө жүргүнчүлөргө ыңгайлуу болушу үчүн жолдун бир тарабына туурасы 2 метрден ашкан тротуар курулат.   Тиешелүү иштерди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгына тапшырылды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Монголиянын президентинин Бишкекке сапарында 13 документке кол коюлду

Бишкекте Кыргызстан жана Монголиянын президенттери Садыр Жапаров менен Ухнаагийн Хурэлсухтун жолугушуусу өттү. Мамлекет башчынын басма сөз кызматынын билдиришинче, анда тараптар саясат, соода жана экономика, транспорт жана айыл чарба тармагын талкуулашты.   Ошондой эле санариптештирүү, маданий-гуманитардык байланыштарды жана туризмди өнүктүрүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.   Сүйлөшүүлөрдүн… Кененирээк…

Түштүк Кореяда иштеген Кыргызстандын жарандары бир жолку төлөм алышат

Түштүк Кореяда расмий түрдө иштеген Кыргызстандын жарандары мекенине кайтып келгенден кийин бир жолку төлөм алышат.   Социалдык фонддун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө Кореянын Улуттук пенсиялык кызматынан каражат алган жарандардын саны 129га жетти. Анын ичинен 96 жаран акчасын алып, 33ү чечим чыгаруусун күтүп жатышат.   Бир… Кененирээк…

Кытай Тибетте дүйнөдөгү эң ири ГЭСтин курулушун баштады

Объекттин баасы болжол менен 167 миллиард долларды түзөрүн “Синьхуа” агенттиги кабарлады.   Гидроэлектростанциянын курулушу Тибеттин түштүк-чыгышындагы Ярлунг-Цангпо дарыясынын төмөнкү агымында башталды.   Адистердин эсептөөлөрүнө ылайык, ГЭС жылына 300 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрө алат. Анын негизги бөлүгү Тибеттин чегинен тышкары экспорттолот.   Ушул жана башка… Кененирээк…