Бишкектеги Жумабек көчөсүнө асфальт төшөө иштери башталды

Бишкек шаарында жолдор жана тротуарларды капиталдык оңдоо иштери активдүү жүрүүдө. Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Жумабек көчөсүнүн Раззаков көчөсүнөн Эркиндик бульварына чейинки тилкесинде асфальт-бетон аралашмасын төшөө иштери жүрүп жатат. Буга чейин эски асфальтты сыйруу иштери жүргүзүлүп, тротуар уюштурулуп, ирригациялык система орнотулган. Ошондой эле айдоочулар үчүн унаа токтотуучу… Кененирээк…

Суусамырда Бишкек – Ош унаа жолунун 12 чакырымына асфальт басылды

Стратегиялык маанидеги Бишкек – Ош унаа жолунун Суусамыр тилкесинен Ала-Бел ашуусуна чейин жол оңдоо иштери кызуу жүрүүдɵ. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, кээ бир тилкелеринде аң-чɵнɵктɵрдү жамоо, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жумуштары аткарылып жатат. Курулуш иштери башталгандан… Кененирээк…

Бишкек менен Ошто 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду

Бишкек менен Ош шаарларында «одоно мыйзам бузган» 78 жеке клиниканын иши убактылуу токтотулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.   Маалыматка ылайык, мындай чечим текшерүү жүргүзүлгөндөн кийин кабыл алынган.   Жалпысынан аталган шаарларда 117ден ашуун жеке медициналык уюм текшерилип, алардын ичинен 37си лицензиясы жок иштеп… Кененирээк…

Аксы районунда 11 жаңы мектеп жана эки бала бакча курулууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда 11 жаңы мектеп жана эки бала бакча курулууда. Бул тууралуу жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Маалыматка ылайык, курулушка жалпы суммасы 1 млрд 466 млн сом бөлүнгөн.    

Көчмөндөр оюндарынын ачылышын Бишкектеги жаңы стадиондо өткөрүү пландалууда

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш жана жабылуу аземдерин Бишкектеги жаңы улуттук стадиондо өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, аталган оюндарды уюштуруу комитетинин төрагасы Эдил Байсалов билдирди.   Анын айтымында, жаңы стадиондун инфраструктурасы масштабдуу бул иш-чараны өткөрүүгө толук жооп берет жана 50 миң көрүүчүгө… Кененирээк…

Свердлов районунун акими алмашты

Бишкек шаарынын мэриясында кадрдык өзгөрүүлөр болду.   Муниципалитеттен билдиришкендей, Свердлов районунун башчысы Капарбек Адиев мурда ээлеген кызматынан берилген арызынын негизинде бошотулду. Анын ордуна буга чейин Бишкек шаарынын мэриясынын муниципалдык инспекциясынын башчысы болуп иштеп келген Медер Амангелдиев дайындалды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Изилдөө: сулуу адамдарга жумушка орношуу жеңилирээк болот

Техас университетинин окумуштуулары жүргүзгөн изилдөөгө ылайык, сулуу адамдарга жумушка орношуу жеңилирээк болот. Эйчарлардын айтымында, сырткы келбет, харизма жана өзүн «сатууну» билүү — талапкерлерди баалоодо эң маанилүү роль ойнойт.   Бирок эң башкысы — социалдык жагымдуулук. Бул —тышкы келбеттин, ак жүрөктүүлүктүн жана эмпатиянын айкалышы, деп жазды… Кененирээк…

Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, каттам убактылуу жабылды

Түндүк-түштүк альтернативдик жолуна таш кулап, каттам убактылуу жабылды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы билдирди.   Маалыматка ылайык, учурда жолду тазалоо иштери жүрүп жатат. Мындан улам айдоочуларга зарыл иши болбосо жолго чыкпай туруу сунушталат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолу: Жалал-Абадда 100гө жакын үй көчүрүлөт

Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолун куруунун алкагында Жалал-Абадда 100гө жакын үй көчүрүлөт. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, турак жайлар Жалал-Абад шаары жана Сузак районунун аймагында темир жол линиясына туура келет.   Белгиленгендей, бул процессте жарандардын кызыкчылыктары толук эске алынып, бардык иштер мыйзам чегинде жүргүзүлөт.   Эске салсак, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан… Кененирээк…

Чаткалда фермерлерди тейлөө борбору ачылды

Чаткал районунун Каныш-Кыя айылында дыйкандарды тейлөө борбору ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.   Мында фермерлер агрардык кеңеш, айыл чарба техникаларын ижарага алуу, үрөн жана жер семирткичтер тууралуу маалымат, өндүргөн продукцияны сатуу, асыл тукум мал чарбачылыгы жана… Кененирээк…