Бишкекте 30-июлдан 6-августка чейин Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги жол убактылуу жабылат

Бишкекте 30-июлдан 6-августка чейин Фрунзе көчөсү менен Гоголь көчөсүнүн кесилишиндеги жол убактылуу жабылат. Муниципалитеттен билдиришкендей, бул убакта жылуулук түтүктөрүн алмаштыруу иштери жүргүзүлөт.   Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга башка каттамдарды түзүп алуу сунушталат.

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр тилкесинде жол куруу иштери кызуу жүрүүдɵ

Ысык-Көл айланма жолунун Корумду-Балбай-Баатыр тилкесинде жол куруу иштери кызуу жүрүүдɵ. Учурда жолдун негизин даярдоо, асфальт төшөө, суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу жана кɵпүрɵ куруу жумуштары аткарылып жатат.   Курулуш иштери башталгандан бери 70 чакырым аралыкка бир тараптуу асфальттын астыңкы катмары басылды.   Андан тышкары 14 кɵпүрɵ… Кененирээк…

Бишкек мектептеринде коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотулууда

Бишкек мектептеринде коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотулууда. Бул тууралуу Свердлов ички иштер башкармалыгынын начальниги Тилек Түкебаев билдирди.   Анын айтымында, аны баскан учурда милициянын куралдуу тобу  3 мүнөттө келиши керек. Андан тышкары, ордо калаа мектептеринде камералар орнотулган, алар “Коопсуз өлкө” долбоорунун системасына кошулган.

Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаңы мектеп курулууда

Талас облусунун Бакай-Ата районунда жаңы мектеп курулууда. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, объект Биринчи май айылында жайгашат.   Мамлекеттик бюджеттин эсебинен курулуп жаткан мектеп окуу класстардан, өтмөк галереядан, спорт зал, лаборатория жана медициналык кабинеттен турат. Учурга карата курулуш иштери 50 пайызга… Кененирээк…

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны дээрлик 22 пайызга кыскарды

Кыргызстанда катталган жумушсуздардын саны дээрлик 22 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинен билдиришти.   Маалыматка караганда, ушул жылдын 1-июлуна карата иш менен камсыз кылуу мамлекеттик кызматында каттоодо турган жана жумуш издеп жүргөндөрдүн саны 65 миң 400дү түздү. Бул өткөн жылдын ушул… Кененирээк…

Ош облусунун 3 айылын таза суу менен камсыздоого кошумча 2 миллион   250 миң евро насыя алынат

Ош облусунун 3 айылын таза суу менен камсыздоого кошумча 2 миллион   250 миң евро насыя алынат. Макулдашуу долбоору Жогорку Кеңештин кароосуна жөнөтүлдү.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр-жайы министрлигинен билдиришкендей, каражат Мырза-Аке, Дөң-Булак жана Куршаб айылдарында таза суу системасын калыбына келтирүүгө багытталат.… Кененирээк…

Оштогу жогорку окуу жайлардан 13 миң студент айдалды

Оштогу жогорку окуу жайлардан 13 миң 295 студент айдалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматка караганда, булар сабакка катышпаган жана академиялык карыздары бар студенттер болгон. Алардын тизмеси: ОшМУ – 3 573 студент; ОшТУ – 2 754 студент; ОшКӨЭУ – 3 167 студент; ОшМПУ – 3 629… Кененирээк…

«Аэрофлот» хакердик чабуулга кабылды, 40тан ашык каттам үзгүлтүккө учурады

Россиянын «Аэрофлот» авиакомпаниясынын маалыматтык системасынын иши үзгүлтүккө учурап, 24 каттам убагында аткарылбай калды. Компаниянын серверине жасалган чабуулга жоопкерчиликти украиналык Silent Crow жана «Киберпартизандар BY» тобу алды. Silent Crow «Аэрофлоттун» ички IT-инфраструктурасын бузуп кирип, жети миңдей сервер жок кылынганын билдирди. Маалыматтарга караганда, хакерлер авиакомпаниянын «ички түйүнүндө»… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу жок болот.   Мэриядан билдиришкендей, 29-июлда эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин суу Масалиев, Айтматов проспектилеринде, Абдрахманов, Садырбаев, Токтоналиев көчөлөрүндө жана 10-кичи райондо өчүрүлөт. Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун үчүнчү туру башталды

Кыргызстандын жогорку окуу жайларына кабыл алуунун үчүнчү туру башталды.   Абитуриенттерди кабыл алуу онлайн система аркылуу жүргүзүлүп жатат. Эске салсак, быйыл жалпысынан 5 тур болот.   Алгачкы эки турдун алкагында жогорку окуу жайларга 21 миң 764 абитуриент кабыл алынды. Анын 5,5 миңдейи бюджеттик негизде билим… Кененирээк…