Google адамдарга виртуалдуу түрдө кийимди кийип көрүү функциясын тартуулады
Google адамдарга виртуалдуу түрдө кийимди кийип көрүү функциясын тартуулады. Жасалма интеллекттин жардамы менен иштеген жаңычылдык АКШ тургундарына жеткиликтүү болду. Товарды тандап, “ченеп көрүү” баскычын басып, өзүңдүн сүрөтүңдү киргизүү жетиштүү. Программа тандалган кийим кандай жараша турганын көрсөтүп берет. Жыйынтыкты сактап калуу мүмкүнчүлүгү дагы берилет.









