Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызстандын тоолуу аймактарында сел жүрүшү мүмкүн.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. Жарандарга сак болуу сунушталат.

1-сентябрдан тарта “Тунгуч” онлайн мектеби иштеп баштайт

1-сентябрдан тарта “Тунгуч” онлайн мектеби иштеп баштайт. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, 5-11-класстардын окуучулары онлайн окутууга кабыл алынат.   Ата-энелер талап кылынган документтердин тизмеси жана кошумча маалыматтар менен tunguch.kg  сайты аркылуу тааныша алат. Ведомстводон белгилешкендей, онлайн мектепте салттуу мектепке ар кандай себептер менен бала албаган балдар үчүн билим… Кененирээк…

Бишкекте өрт чыккан Кардиология улуттук институтунда капиталдык оңдоо иштери башталды

Бишкекте өрт чыккан Кардиология улуттук институтунда капиталдык оңдоо иштери башталды. Эске салсак, медициналык жайда тилсиз жоо февралда катталган. Анда имараттан тышкары, медициналык техника дагы жабыркаган.   Борбордун ремонтуна жана жабдууларды сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 360 миллион сом бөлүндү. Бул сумма техниканын 80 пайызын жаңыртууга жетет.… Кененирээк…

Россиялык бензинди экспорттоого салынган тыюу Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалды жеткирүүгө таасирин тийгизбейт

Россиялык бензинди экспорттоого салынган тыюу Кыргызстанга күйүүчү-майлоочу материалды жеткирүүгө таасирин тийгизбейт.   Мунай ташуучулар ассоциациясынын башчысы Канат Эшатов билдиригендей, биздин өлкөлөр ортосунда мунай жана мунай продуктуларын индикативдүү баланска ылайык пошлинасыз жеткирүү жөнүндө келишим бар.   Быйылкы жылга 1,2 миллион тонна жеткирүү макулдашылган. Анын 650 миң… Кененирээк…

Өкмөт Онкология жана гематология улуттук борборуна 10 миллион сом бөлдү

Кыргыз өкмөтүнүн чечими менен Бишкектеги Онкология жана гематология улуттук борборуна 10 миллион 141 миң сом бөлүндү. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-июлда кол койду. «Мындай чечим бейтаптарга ыңгайлуу жана коопсуз шарттарды түзүү, ошондой эле медициналык тейлөөнүн натыйжалуулугун жогорулатуу максатында кабыл алынды. Саламаттык сактоо… Кененирээк…

Деңиз жээгинде жашоо өмүрдү эң аз дегенде бир жылга узартат

Деңиз жээгинде жашоо өмүрдү эң аз дегенде бир жылга узартат. Мындай тыянакка америкалык окумуштуулар келди. Деңиз же океандын айланасында жашагандар таза аба, жумшак климат жана физикалык активдүүлүктүн аркасынан узак жана оорубай жашай турганы аныкталды.   Ал эми шаардагы дарыя, канал жана көлдөрдүн жанында жашагандардын өмүрү… Кененирээк…

Россияда жүргөн кыргызстандыктар 10-сентябрга чейин макамын жөнгө салышы керек

Россияда жүргөн кыргызстандыктар 10-сентябрга чейин макамын жөнгө салышы керек.   Тышкы иштер министрлигинен эскертишкендей, миграциялык мыйзам бузууларга байланыштуу көзөмөлдөөчү реестрге түшүп калгандар аймактык миграция бөлүмдөрүнө кайрылып, 10-сентябрга укуктук абалын мыйзамдаштырышы зарыл. Ведомство маалыматына ылайык, 2025-жылдын январына карата 376 миң 907 адам Россияда миграциялык каттоодо турат.

Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексинде санарип тармагындагы кылмыштарга каршы күрөшүүгө багытталган өзгөрүүлөр күчүнө кирди

Кыргызстандын Кылмыш жаза кодексинде санарип тармагындагы кылмыштарга каршы күрөшүүгө багытталган өзгөрүүлөр күчүнө кирди.   Жаңы эрежелер банк карталарын, электрондук капчыктарды, сим-карталарды жана башка каржылык реквизиттерди үчүнчү жактарга сатуу же өткөрүп берүү үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга багытталат.   Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан  25-июнда кабыл алынган. Демилгенин… Кененирээк…

1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланат

1-октябрдан баштап пенсиянын камсыздандыруу бөлүктөрү индексацияланат. Тиешелүү токтом долбоору Социалдык фонд тарабынан коомдук талкууга чыгарылды.   Ага ылайык, пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 миң сомго жетпегендердики 1,10 коэффициент менен индексациялант, бирок 600 сомдон кем эмес болот. Ал эми 50 миң сомдон жогору болсо 5  миң сомдон… Кененирээк…

Бишкектин борбордук жана батыш бөлүгүндө жылуулук берүүнүн сапаты жогорулайт

Быйыл Бишкектин борбордук жана батыш бөлүгүндө жылуулук берүүнүн сапаты жогорулайт. Калаа башчы Айбек Жунушалиев билдиргендей, бул максатта Чүй менен Осмонкул көчөлөрүнүн кесилишинде №3 насостук станция курулуп жатат.   Белгиленгендей, буга чейин шаар тургундары кышкысын жылуулуктун начар берилишине нааразы болуп келишкен. Станциянын ишке кирүүсү менен 30… Кененирээк…