«Тунгуч» онлайн мектебине каттоо башталды

Бүгүн, 1-августтан тартып жаңы муундагы «Тунгуч» онлайн мектебине кабыл алуу башталды. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, кабыл алуу Бишкек шаары, Токтогул кѳчѳсү 68 дареги боюнча дагы жүргүзүлѳт. Министрлик кызыкдар болгондорго Кыргызстандын тарыхындагы биринчи онлайн мектепке документтерди онлайн режимде каттоо боюнча видеонускаманы сунуштайт. Видеонускаманы Google аркылуу бул шилтеме менен көрүүгө… Кененирээк…

Чүй облусунда капиталдык оңдоодон өткөн “Кемин” чек ара заставасы ачылды

Чүй облусунда капиталдык оңдоодон өткөн «Кемин» чек ара заставасынын салтанаттуу ачылышы болду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти. Иш-чарага Чек ара кызматынын директору Абдикарим Алимбаев, президенттин Чүй облусундагы өкүлү Канат Жумагазиев, Чек ара кызматынын ардагерлери жана Чүй облусу боюнча башкармалыгынын өздүк курамы катышты. Алимбаев… Кененирээк…

Чолпон -Атада «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалы башталды

Бүгүн Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарындагы «Рух Ордо» маданий-этнографиялык комплексинде дүйнөлүк «Рух Санат» салттуу маданият жана музыка фестивалы башталды. Фестивалга маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Апас Жумагулов, министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов, Эл аралык салттуу… Кененирээк…

Майкрософт компаниясы жасалма интеллекттин айынан жоголо турган кесиптерди атады

Майкрософт компаниясы жасалма интеллекттин айынан жоголо турган кесиптерди атады.   Тизмеге 40 кесип кирди. Алсак, жакын арада котормочулар, программисттер, теле маркотологдор, моделдер, маркетинг аналиктиктери жана айрым мугалимдер ишсиз калышы мүмкүн.   Азырынча нейротармак медайымдарды, куруучуларды, хирургдарды, ортопеддерди, бетон куючуларды, укалоочуларды, чач тарачтарды жана башка бир… Кененирээк…

Баткенде жыл башынан бери 611 чакырымдан ашуун жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өттү

Баткенде жыл башынан бери 611 чакырымдан ашуун жогорку чыңалуудагы аба чубалгылары оңдоп-түзөөдөн өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.   Аймактагы техникалык жабдуулар дагы жаңыртылды. Андан тышкары, эскирген 2 миң 526 даана фарфордук изолятор жаңысына алмаштырылып, тармактын ишенимдүүлүгү жогорулады.

Кафе-ресторандарда тейлөө үчүн алынган акы жокко чыгарылышы мүмкүн

Кафе-ресторандарда тейлөө үчүн алынган акы жокко чыгарылышы мүмкүн. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Монополдукка каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Жээналы Орозбаев билдирди.   Анын айтымында, “Керектөөчүлөрдүн укугун коргоо боюнча” мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилип жатат. Ага ылайык, кафе-ресторандарда тейлөө үчүн 15 пайыз алуу жокоо чыгарылат.  … Кененирээк…

“Эркечтам” өткөрүү түйүнүн модернизациялоо иштери 1-октябрга чейин жыйыныкталат

“Эркечтам” өткөрүү түйүнүн модернизациялоо иштери 1-октябрга чейин жыйыныкталат. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, долбоордун алкагында жаңы объектилер курулуп, объекттин инфраструктурасы жаңыртылат.   Анда мейманкана, паспорттук көзөмөл түйүнү, салмак жана габарит ченөө пункттары пайда болот. Долбоорду ишке ашыруунун баасы 230 миллион сомду түзөт.

Жалал-Абад облусунун аймагында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө

Жалал-Абад облусунун аймагында Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Учурга карата иштер Жалал-Абад шаарынын Эшме жана Төш-Кутчу участокторунда, ошондой эле Сузак районун Калма – Кырчын тилкелеринде аткарылып жатат.   Эске салсак, Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун… Кененирээк…

Кыргызстандык балбандар эл аралык турнирде 3 алтын, 1 күмүш медаль багындырды

Кыргызстандын грек-рим күрөшү боюнча улуттук курума командасынын мүчөлөрү Польшада өтүп жаткан эл аралык турниринен 3 алтын, бир күмүш медаль жеңишти.   Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, анын ичинен 63 кг салмак категориясында катышып жаткан Жоламан Шаршенбеков, 60 кг салмак категориясында Акыл Сулайманов жана… Кененирээк…

Өлкөдө “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоорунун алкагында 5 миң 945 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди

Өлкөдө “Айыл чарбасын каржылоо-13” долбоорунун алкагында 5 миң 945 дыйкан-фермерге жеңилдетилген насыя берилди. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, каржылоонун жалпы көлөмү 3 миллиард 721 миллион сомдон ашты.   Жеңилдетилген насыя өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгы, сууну үнөмдөөчү технологиялар жана лизинг… Кененирээк…