Аксыда 400 орундуу жаңы маданият үйү курулду

Аксы районуна караштуу Жаңы-Жол айылында 400 көрүүчүгө ылайыкталган жаңы маданият үйү курулду. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объекттин курулуш иштери 2022-жылы республикалык бюджеттин эсебинен башталган. Тендердик баасы 56 млн сомду түздү. Жаңы маданият үйү заманбап талаптарга жооп берген техникалык жабдуулар менен камсыздалды.… Кененирээк…

Бишкектин түндүк-батыш тарабында ичүүчү суу өчүрүлөт

Эртең Бишкектин түндүк-батыш тарабында ичүүчү суу өчүрүлөт.   Муниципалитеттен билдиришкендей, саат 10дон кечки 8ге чейин ордо калаадагы 10-кичи район, Масалиев –Ч.Айтматов проспектилери – Ы.Абдрахманов – Садырбаев көчөлөрү, Масалиев –Ч.Айтматов проспектилери – Токтоналиев – М. Гшлиессер көчөлөрү менен чектешкен аймакта суу берүү токтотулат.   Мунун себеби… Кененирээк…

Кыргыз балбандары Болгарияда дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандын күрөш боюнча 20 жашка чейинки курама командасынын мүчөлөрү дүйнө чемпионатына катышат.   Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришкендей, балбандар грек-рим, кыз-келиндер жана эркин күрөш боюнча беттештерде килемге чыгат.   Мелдештер 17-августтан 24-августка чейин Болгарияда өтөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg… Кененирээк…

Кыргызстанда мунай продуктуларына акциздер жогорулашы мүмкүн

Кыргызстанда мунай продуктуларына акциздерди жогорулатуу пландалууда. Бул тууралуу токтом долбоорун Экономика жана коммерция министрлиги коомдук талкууга алып чыкты.   Документте ар кандай түрдөгү бензинге акциздерди тоннасына 5 миң сомдон 7 миң сомго чейин, ал эми дизелдик отунга акцизди 400 сомдон 2 миң сомго чейин, тагыраагы… Кененирээк…

Электромобиль кубаттоочу станциялардын заводун куруу пландалууда

Кыргызстанда электромобилдерди кубаттоочу станциялардын заводун куруу пландалууда.   Бул долбоор туруктуу жана экологиялык жактан таза транспорттук тармакты түзүүнү, алдыңкы технологияларды жеринде ишке ашырууну жана жаңы жумуш орундарын түзүүнү камтыйт.   Белгиленгендей, бул жашыл энергетиканы өнүктүрүүгө жана казылып алынуучу отунга болгон көз карандылыкты азайтууга өбөлгө түзөт.… Кененирээк…

Өлкөдөгү 32 объектте курулуш жана капиталдык оңдоо иштери аяктады

Ушул жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөдөгү 32 объектте курулуш жана капиталдык оңдоо иштери аяктады.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, алардын ичинде 16 мектеп, эки бала бакча, спорт залы, маданият үйү жана эки оорукана бар.   Жайдын аягына чейин дагы 100… Кененирээк…

Жумуш учурунда каза болгондо төлөнүүчү жөлөкпулдун өлчөмү бекитилди

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Ага ылайык, жумуш маалында каза болгон же кесиптик ооруга кабылгандарга Улуттук статистика комитети аныктаган республика боюнча орточо эмгек акыдан алынган үч орточо жылдык маянадан 12 орточо жылдык эмгек акы көлөмүндөгү сумма төлөнүүгө тийиш.   Бюджеттеги кызматкерлер… Кененирээк…

Кыргызстанда сейсмикалык жактан эң кооптуу делген үч негизги аймак бар

Алардын башында Ош облусунун Чоң-Алай жана Алай райондору турат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине Сейсмология институтунун директору Канат Абдрахматов билдирди. Маалыматка ылайык, аталган райондордо жыл сайын 4-5 баллга жеткен жер титирөө катталып турат.   Экинчи орунда Жалал-Абад облусу болсо, үчүнчү кооптуу аймак – Ысык-Көл облусунун… Кененирээк…

Тоңдо Бар-Булак – Жылуу-Суу унаа жолу толугу менен асфальтталат

Ысык-Көл облусунун Тоң районундагы Бар-Булак — Жылуу-Суу унаа жолу толугу менен асфальтталат. Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, аталган жолдун узундугу 4 чакырымды түзүп, Жылуу-Суу ден соолукту чыңдоо борборуна баруу жакшырат. Учурда жолдун негизин даярдоо жана 3-чакырымындагы жер астынан чыккан суунун кесепетинен жаралган боштукту таш, кум… Кененирээк…

Жалал-Абаддагы жер титирөөдөн 14 объект жабыркады

Жалал-Абад облусунда кечээ катталган жер титирөөнүн кесепетинен 14 турак жай жана социалдык мекеме жабыркады. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, объекттер Майлуу-Суу шаарында, Сузак районунун Кыз-Көл айыл аймагында, Базар-Коргон районунун Арстанбап-Ата айыл өкмөтүндө жайгашкан.   Учурда Жарандык коргонуу кызматтары жана штаб тактоо жумуштарын улантууда.   Эске салсак,… Кененирээк…