Кара-Суу районунун Кыргызстан айылындагы көп жылдан бери курулушу бүтпөй келген мектеп колдонууга берилди

Кара-Суу районунун Кыргызстан айылындагы көп жылдан бери курулушу бүтпөй келген мектеп колдонууга берилди. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, мектеп заманбап талаптарга жооп берген эки кабаттуу окуу корпус жана спорт залдан турат.   Негизги окуу класстарынан тышкары лаборатория, компьютердик класс, конференц-зал, кыздар жана… Кененирээк…

Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамга каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайтарды

Президент Садыр Жапаров көп аялдуулук үчүн кылмыш-жаза жоопкерчилигин жоюу жөнүндө мыйзамга каршы пикирин билдирип, Жогорку Кеңешке кайтарды. Эгер аталган мыйзам кабыл алынса, эки же андан көп аял алуу үчүн жоопкерчиликке тарткан Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренеси күчүн жоготмок.   Бирок президент көп аялдуулукту кылмыш катары кароо мамлекеттин… Кененирээк…

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында жаңы мектептин курулушу башталды

Кара-Кулжа районунун Ылай-Талаа айылында жаңы мектептин курулушу башталды. Долбоор республикалык бюджеттен каржыланат. Мектеп 150 окуучуга чакталып, эки кабаттуу окуу корпусунан, спорт залдан турат.   Андан тышкары, кичи футбол талаасы, волейбол жана баскетбол аянтчалары каралган.

Кыргызстанда жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге 3,7 миллиард сомго  1 мин 123 даана лизингдик техника берилди

Кыргызстанда жыл башынан бери дыйкан-фермерлерге 3,7 миллиард сомго  1 мин 123 даана лизингдик техника берилди.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, долбоор мамлекеттик банктар аркылуу ишке ашырылып жатат. Учурда банктар дыйкандарга жылдык үстөгү 6 пайыз менен 7 жылга чейинки… Кененирээк…

Ысык-Көлдө дагы 4 бийик тоолуу көл текшерилди

Ысык-Көлдө дагы 4 бийик тоолуу көл текшерилди.   Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, бул ирет адистер Чок-Тал, Кой-Суу-1, Чоң-Аксуу-1 жана Чоң-Аксуу-2 көлдөрүнө мониторинг жүргүздү.   Алардын абалы туруктуу, суунун деңгээли норманын тегерегинде болуп, жырылуу коркунучу жок экени аныкталды. Буга чейин Тоң районундагы Көл-Тор жана Зындан көлдөрү… Кененирээк…

Францияда 1 евродон үйлөр таратылып жатат

Францияда 1 евродон үйлөр таратылып жатат. Жергиликтүү бийлик муну менен Пью-де-Дом аймагындагы энсиреп калган Амбер шаарчасына жаңы дем берүүнү көздөөдө. Эми ар бир каалоочу француз паспорту жок болсо дагы символикалык баага үй сатып алса болот.   Башкы талап — турак-жайды калыбына келтириши керек.

Бишкекте Фучик көчөсүнүн Чүй проспектинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылды

Бишкекте Фучик көчөсүнүн Чүй проспектинен Москва көчөсүнө чейинки бөлүгү оңдоо иштерине жабылды. Мэриянын маалыматына ылайык, реконструкцияга байланыштуу жолдун аталган тилкеси 31-августка унаа кыймылына жабык болот.   Андан тышкары, эртеңден тарта Дэн Сяопин проспектинин Фучик көчөсүнөн Интергельпого чейинки бөлүгү да чектелет. Бул тилке 23-августка чейин жабылат.

Жарандарга интернетке жеке маалыматты камтыган документтердин сүрөттөрүн жайгаштырбоо сунушталат

Жарандарга интернетке жеке маалыматты камтыган документтердин сүрөттөрүн жайгаштырбоо сунушталат.   Бейбаштардан этият болуу тууралуу эскертүүнү Жеке маалыматты коргоо боюнча мамлекеттик агенттиктен беришти.   Андан билдиришкендей, мындай аракеттер алдамчылык схемаларына жол ачат. Кыргызстандыктарга этият болуп, интернетке паспорттордун, айдоочу күбөлүктөрүнүн, медициналык маалымкаттардын жана башка документтердин көчүрмөлөрүн жайгаштырбоо… Кененирээк…

Бүгүнтөн тарта “Манас” эл аралык аэропортунун 1974-жылдан бери колдонулуп келаткан FRU деген коду BSZ деп өзгөртүлдү

Бүгүнтөн тарта “Манас” эл аралык аэропортунун 1974-жылдан бери колдонулуп келаткан FRU деген коду BSZ деп өзгөртүлдү. Үч тамгалуу уникалдуу идентификатор – Аба транспорту эл аралык ассоциациясы дүйнөнүн аэропортторуна ыйгарган код.   Аны авиакомпаниялар, билет сатуу жана брондоо менен алектенген агенттиктер колдонушат. Код адатта аэропорт жайгашкан… Кененирээк…

Мамлекеттик тилди билүүгө талаптар күчөтүлдү

Мамлекеттик тилди билүүгө талаптар күчөтүлдү. Президент Садыр Жапаров тиешелүү мыйзамга кол койду.   Документке ылайык, депутаттыкка талапкерлер, прокурорлор, өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик орган жетекчилери, соттор, Улуттук банктын кызматкерлери кыргыз тилин билүүгө милдеттүү.   Сот процесстери мамлекеттик тилде жүргүзүлүшү керек, бала бакчаларда, мектептерде, ЖОЖдордо кыргыз тили окутуунун… Кененирээк…