Сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль алган Денис Петрашовго 500 миң сомдук сертификат тапшырылды

Сууда сүзүү боюнча дүйнө чемпионатында коло медаль алган Денис Петрашовго 500 миң сомдук сертификат тапшырылды. Спортчуну министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кабыл алды.   Анын машыктыруучусу Евгений Петрашовго дагы 250 миң сом берилди. Эске салсак, Сингапурда өткөн дүйнө биринчилигинде Петрашов 100 метрге брасс стилинде сууда… Кененирээк…

Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолунун курулушу уланууда

Өзгөн – Мырза-Аке – Кара-Кулжа жолунун курулушу уланууда. Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, учурда асфальттын биринчи катмары тɵшɵлүп бүттү.   Долбоордо каралган жарыктандыруу, тротуар жана суу өткөрүүчү түтүктөрдү орнотуу иштери жүргүзүлүүдө. Жалпысынан жолдун 34 чакырымы капиталдык оңдоодон ɵтөт.

Кыргыз-тажик чек арасынын 62 чакырымына зым тартылды

Кыргыз-тажик чек арасынын 62 чакырымына зым тартылды. Бул тууралуу президенттин Баткен облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда зым тартуу иштери Баткен районунун Ак-Сай айылынын Кожо Каары ашуусунда жана Лейлек районунун Катта-Туз жерлигинде жүрүүдө.   Инженердик жабдуу иштери үч этап менен аткарылып жатат — чуңкурларды казуу,… Кененирээк…

Баткен районунда Маданият үйү капиталдык оңдоодон өттү

Баткен районунда Маданият үйү капиталдык оңдоодон өттү. Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, объект Кара-Бак айылында жайгашат.   Маданият үйү 320 көрүүчүгө эсептелип, заманбап техникалык жабдуулар менен камсыздалды. Долбоорду ишке ашырууга  мамлекеттик бюджеттен 16 миллион сом бөлүнгөн.

Россияда бүгүнкү күндө 352 миң кыргызстандык расмий түрдө каттоодон өткөн

Россияда бүгүнкү күндө 352 миң кыргызстандык расмий түрдө каттоодон өткөн.   Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин Консулдук департаментинин директорунун орун басары Бакыт Кадыров билдирди.   Анын айтымында, 680 миң мекендеште эмгек келишими бар. Бул сандардын айырмачылыгы айрым кыргызстандыктар келишим түзүп, бирок аралыктан мекенинде иштеп келгендигинде.… Кененирээк…

Садыр Жапаров “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун артка кайтарды

Президент Садыр Жапаров “Акыйкатчы жөнүндө” мыйзам долбоорун каршы пикир менен артка кайтарды.   Документтин 21-беренесинде “акыйкатчыны, анын орун басарларын жана аппаратынын кызматкерлерин медициналык тейлөө атайын статусу бар мамлекеттик бийлик органдары үчүн белгиленген деңгээлден төмөн эмес деңгээлде ишке ашырылат” деп жазылган. Финансы министрлиги мындай чыгым 2025-жылдын… Кененирээк…

Instagram түз эфирлерди өткөрүүдө чектөөлөрдү киргизди

Instagram түз эфирлерди өткөрүүдө чектөөлөрдү киргизди — эми трансляцияларды 1 миңден ашык катталуучусу бар аккаунттар гана жүргүзө алат.   Компаниядан билдиришкендей, мындай өзгөртүүлөр контенттин сапатын жогорулатууга багытталат.

Бишкектин айрым жерлеринде 14-августта суу берүү токтотулат

Бишкектин айрым жерлеринде 14-августта суу берүү токтотулат. Муниципалитеттен билдиришкендей, суу эртең мененки саат 10дон түн жарымга чейин Үсөнбаев -Күрөңкеев  — Чоң Чүй каналы — Элебесов  — Аул — Керамическая — Хвойная көчөлөрү чектелген аймакта өчүрүлөт.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу. “Бишкексууканал” ишканасы келтирилген ыңгайсыздыктар… Кененирээк…

“Кыргыз почтасы” 2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөк пул жеткирүү үчүн комиссия алат

“Кыргыз почтасы” 2026-жылдан тарта пенсия жана жөлөк пул жеткирүү үчүн комиссия алат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин тиешелүү токтомунда айтылган. Ага ылайык, эки пайыздык комиссия 2027-жылдын 31-декабрына чейин колдонулат.   Белгилеп кетсек, өлкөдөгү пенсионерлердин 70 пайызы акчасын банк карталары аркылуу алат.

Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында “Саламат” санаторий-клиникасынын жаңы имаратынын курулушу башталды

Кара-Суу районунун Датка айыл аймагында “Саламат” санаторий-клиникасынын жаңы имаратынын курулушу башталды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Жаңы медициналык борбор 5 кабаттуу болуп, 70 орунга эсептелген. Ал заманбап медициналык жабдуулар менен камсыздалып, операциялык блокту, толук кандуу реабилитация борборун жана билим алмашууга арналган конференц-залды камтыйт.… Кененирээк…