Лейлек районунун алыскы Айкөл айылында мектептин курулушу аяктады

Лейлек районунун алыскы Айкөл айылында мектептин курулушу аяктады. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, 225 орундуу типтүү мектепте окуу үчүн толук шарттар түзүлүүдө.   Курулушка мамлекеттик бюджеттен 106 миллион сом каралган. Мектеп жаңы окуу жылына карата пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.

Эки-Нарында көпүрө кулап, бир адам каза болгону кабарланды

Нарын районундагы Эки-Нарын айылын облус борбору менен байланыштырган көпүрө кулап, бир адам каза болду. Бул тууралуу жергиликтүү тургундар кабарлашты. Нарын дарыясына курулган жыгач көпүрө жүк ташуучу автоунаа өтүп баратканда кулаган.   Анын кесепетинен айдоочу каза болгону айтылууда. Учурда айылды Нарын шаары менен байланыштырган жалгыз көпүрө… Кененирээк…

ПСЖнын насаатчысы Луис Энрике дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу деп аталды

ПСЖнын насаатчысы Луис Энрике дүйнөнүн мыкты машыктыруучусу деп аталды. Ал бул сезондо париждик клуб менен Франциянын чемпионатын, Кубогун жана Суперкубогун, ошондой эле Чемпиондор лигасын багындырды.   Андан кийинки орунда “Ливерпулдун” машыктыруучусу Арне Слот турса, үчилтикти “Манчестер Ситинин” насаатчысы Хосеп Гвардиола бекитет. Лидерлердин катарына ошондой эле… Кененирээк…

Бишкектен Нарында түз аба каттамдары кое берилет

Бишкектен Нарында түз аба каттамдары кое берилет.   “Кыргызстан аэропорттору” компаниясынан билдиришкендей, учактар 4-сентябрдан тарта каттап баштайт. Учуу убактысы 40 мүнөттү түзөт. Каттамдар ата мекендик авиа компания тарабынан аткарылат.

Кыргызстанда квадроциклдердин жүрүүсүнө чектөө киргизүү сунушталды

Кыргызстанда квадроциклдердин жүрүүсүнө чектөө киргизүү сунушталды.   Токтом долбоорун Жаратылыш ресурстары министрлиги коомдук талкууга чыгарды. Документке ылайык, бул транспорт менен өзгөчө кайтаруу алдындагы жаратылыш аймактарында, парк-пляж жана суу зоналарында жүрүүгө тыюу салынат.   Ведомстводон белгилешкендей, квадроциклдер жер катмарына, көл жээктерине зыян тийгизип, жаныбарлардын тынчын алат.… Кененирээк…

Чет элдик номерлүү унааларды тез арада мыйзамдаштыруу сунушталат

Чет элдик номерлүү унааларды тез арада мыйзамдаштыруу сунушталат.   Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиктен эскертишкендей, легалдаштыруу өнөктүгү 1-октябрда жыйынтыкталат.   Ага чейин мыйзамдаштырылбаган унааларга Кыргызстан аймагында жүрүүгө тыюу салынат. Ээлери машинелерин чет өлкөгө чыгарып, же тетиктерге чачып сатышы керек болот. Ведомство… Кененирээк…

Кыргызстанда жарым жылда 546 миң 998 мамлекеттик номер берилди

2025-жылдын биринчи жарым жылдыгында Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жалпы 546 миң 998 даана мамлекеттик номер берилди. Бул тууралуу аталган агенттиктин директорунун орун басары Бакыт Насиров бүгүн «Кабар» маалымат агенттигинде өткөн жыйында билдирди. Анын айтымында, ал эми өзгөчө цифралык же… Кененирээк…

Жакында Өзгөндө жаңы спорттук комплекс пайдаланууга берилет

22-августта Өзгөн шаарында Ормонов Зулпукар атындагы жаңы спорттук комплекс пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Кыргыз футбол биримдигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, буга байланыштуу атайын уюштурулган майрамдык иш-чара саат 17:30да башталып, көрүүчүлөргө кыргыз эстрадасынын жылдыздары катышкан концерт тартууланат. Кеченин негизги бөлүгү — Кыргызстандын Профессионалдык футбол лигасынын 18-турунун алкагындагы… Кененирээк…

Ысык-Көл облусунда сел жүрүшү мүмкүн

Ысык-Көл облусунда сел жүрүшү мүмкүн. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, ылай аралаш суу массасы 14-15-августта жүрүшү күтүлөт. Себеби — туруксуз аба-ырайы жана нөшөрлөп жааган жаан.   Жарандарга арыктарды тазалап, тоо жана дарыя жээктеринде эс алуудан баш тартуу сунушталат.

Дэн Сяопин проспектиндеги жол оңдоо иштери ноябрь айында аяктайт

Дэн Сяопин проспектиндеги жол оңдоо иштери ноябрь айында аяктайт. Бул тууралуу Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаменти билдирди.   Учурда атайын техника тартылып, көчөнү капиталдык оңдоого даярдоонун алкагында геодезиялык изилдөө жүргүзүлүүдө. Буга чейин Бишкекте 12-августтан тарта Дэн Сяопин проспектин оңдоо иштери башталары кабарланган.… Кененирээк…