Бишкекте Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк тарабы үч күнгө жабылат

Бишкекте Шабдан Баатыр жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинин түндүк тарабы үч күнгө жабылат. Мэриянын басма-сөз кызматынан билдиришкендей, аталган тилке 16-августтан 18ине чейин калыбына келтирүү иштеринин алкагында жабык болот.   Тыгындарды алдын алуу максатында айдоочуларга каттамдарын эртелеп пландап алуу сунушталат.

Жарандардын 12 миллиард сомдой салыктык карызы кечирилет

Жарандардын 12 миллиард сомдой салыктык карызы кечирилет. Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынын төрагасынын орун басары Кубанычбек Ысабеков билдирди.   Анын айтымында, кеп 2022-жылга чейинки төлөнбөй келген каражаттар тууралуу болууда. Алсак, мүлк салыгы, анын ичинде транспорт каражаттары боюнча карыздар жоюлат.   Андан тышкары, салык төлөөчүнүн арызынын… Кененирээк…

Кыргызстан 2 заманбап жүргүнчү учагын сатып алат

Кыргызстан 2 заманбап жүргүнчү учагын сатып алат. Бул тууралуу “Кыргызстан аэропорттору” ишканасынан билдиришти. Тиешелүү келишимге Ысык-Көлдө өтүп жаткан кыргыз-орус экономикалык форумунун алкагында кол коюлду.   Документке ылайык, Airbus A320 же Boeing 737 тибиндеги заманбап эки жүргүнчү учагын алуу каралган. Биз бул долбоорду ишке ашыруу менен… Кененирээк…

Кыргызстанда үч жаңы банк пайда болот

Улуттук банк «Алма Финанс Банк», «Мурас Банк» жана «Асман Банк» жабык акционердик коомдорун түзүүгө уруксат бергенин билдирди. Финансылык жөнгө салуучу органдан билдиргендей, банк мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларга ылайык, уруксат алгандан кийин уюштуруучуларга уставдык капиталды түзүү жана ишти баштоо үчүн даярдык иш-чараларын жүргүзүүгө алты айдан… Кененирээк…

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстанга келди

Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин Кыргызстанга келди. Аны «Тамчы» аэропортунан министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев тосуп алды. Мишустин Чолпон-Ата шаарында өлкө жетекчилиги менен жолугат. Ошондой эле Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынына катышмакчы.

Ош шаардык сотуна жана прокуратурасына унаалар тапшырылды

Бүгүн Ош шаардык сотуна жана шаардык прокуратурага кызматтык унаалар тапшырылды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти. Унааларды шаар мэри Жеңишбек Токторбаев Ош шаардык сотунун төрайымына жана шаар прокуроруна тапшырды. Унаалар аталган мекемелердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо максатында мэриянын атынан берилди.

Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу турак-жайларды куруу үчүн 100 үй түрттүрүлөт

Жалал-Абадда ипотекалык көп кабаттуу турак-жайларды куруу үчүн 100 үй түрттүрүлөт. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Токтогул паркынын маңдайындагы Барпы-Сейил көчөсүндө имараттарды демонтаждоо иштери башталды.   Үйлөрү буздурула турган тургундарга батирлер берилет, — дешти муниципалитеттен.

Кыргыз-Россия экономикалык форумунда 270 миллион долларлык 30 документке кол коюлду

Кыргыз-Россия экономикалык форумунда 270 миллион долларлык 30 документке кол коюлду.   Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунун жетекчиси Артем Новиков билдиргендей, документтердин арасында “Кыргызстан аэропорттору” үчүн учак алуу жана «Кыргыз темир жолу” ишканасынын базасында өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүү боюнча келишимдер бар.   Андан тышкары, Россиядан металл алып келүү, Евразия… Кененирээк…

Балыкчы шаарында шамал электр станциясы пайда болот

Балыкчы шаарында шамал электр станциясы пайда болот. Бул тууралуу “Росатомдун кайра жаралуучу энергия” акционердик коомунун башкы директору Григорий Назаров билдирди.   Курулушка биринчи жабдуулар жеткирилди.   Станциянын биринчи пайдубалы кийинки жылы куюлат. Эске салсак, Ысык-Көл облусуна жалпы кубаттуулугу 100 МВт болгон кайра жаралуучу энергия булактарынан… Кененирээк…