1-сентябрда 57 мектеп жана 20 бала бакча пайдаланууга берилет

Кыргызстанда 1-сентябрда 57 мектеп жана 20 бала бакча пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, мектептердин эң басымдуусу – 24 объект Жалал-Абад облусунда ачылат. Ал эми бала бакчалардын эң көбү Ысык-Көл облусунда пайдаланууга берилет.   Ушул жана… Кененирээк…

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн газ болбойт

“Бишкекгаз” газ кызматынан билдиришкендей, оңдоо иштерине байланыштуу 20-22-август күндөрү Аламүдүн айылы, Древесная көчөсү, ГЭС-2 көчөсү, Гоголь көчөсү, Чернышевский көчөсү, ЧЧК менен чектелген райондо көгүлтүр от өчүрүлөт.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Жалал-Абадда 2 миң 26 трансформатор техникалык тейлөөдөн өттү

Жалал-Абад облусунда 2 миң 26 даана трансформатор техникалык тейлөөдөн өттү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Ошондой эле алдыдагы күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүү боюнча коюлган тапшырмага ылайык, 0,4-6-10 кВ бөлүштүрүүчү электр тармактарында жумуштар мерчемделген планга ылайык жүргүзүлүүдө. Алсак, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын 12 район электр… Кененирээк…

Жогорку окуу жайларга 29 миң 169 абитуриент кабыл алынды

Кыргызстандагы жогорку окуу жайларга жалпы 29 миң 169 абитуриент кабыл алынды.   “Абитуриент онлайн” платформасынын маалыматына ылайык, алардын ичинен 7 миң 59 студент бюджеттик негизде, ал эми 22 миң 110 студент контракттык негизде окууга өткөн. Күндүзгү бөлүмдө 27,5 миңден ашуун студент билим алса, сырттан окуу… Кененирээк…

Балыкчы – Чолпон-Ата темир жолун куруу пландалууда

Кыргызстанда Балыкчы – Чолпон-Ата темир жолун куруу пландалууда. Аталган долбоор боюнча алдын ала техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо келишимине “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы жана Евразия өнүктүрүү банкы кол коюшту.   Долбоорду каржылоо банктын Техникалык көмөк фонду тарабынан жүргүзүлөт.   Бул жаңы темир жол тилкесинин курулушу өлкөнүн… Кененирээк…

Лейлекте 500 орундуу орто мектептин курулушу аяктады

Лейлек районунун Бешкент айылындагы 500 орундуу орто мектептин курулушу аяктады. Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, заманбап мектеп жаңы окуу жылына пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.   Учурда аны эмеректер менен камсыздоо, айланасын көрктөндүрүү иштери жүрүүдө.   Объекттин курулушуна республикалык бюджеттен 167 млн 700 миң сом каралып,… Кененирээк…

Бишкектин Москва көчөсүндө тротуарлар оңдолууда

Бишкектин Москва көчөсүнүн Жаш Гвардия бульварынан Б.Бейшеналиева көчөсүнө чейинки тилкесинде жаңы тротуар куруу иштери башталды.   Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда бригада эски асфальтты демонтаждоо, ошондой эле ирригациялык системаны орнотуу үчүн негизин даярдоо иштерин жүргүзүүдө.   Буга катар ирригациялык системасын орнотуу иштери аткарылууда.   Ушул жана башка… Кененирээк…

Баткен шаарында муниципалдык эт дүкөндөрү ачылат

Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.   Демилге эттин баасын туруктуу кармоо жана калкты эт менен үзгүлтүксүз камсыздоо максатын көздөйт.   Эске салсак, өлкөдө 11-августтан тарта эттин баасына 90 күнгө мамлекеттик көзөмөл киргизилген. Анын алкагында баанын негизсиз кымбатташына жол бербөө жана калк үчүн эт азыктарынын… Кененирээк…

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен облусунда эки көмүр кени ишке кирет — “Адахан” жана “Мурас” кендери

Кыргызстандын эгемендүүлүк күнүнө карата Баткен облусунда эки көмүр кени ишке кирет — “Адахан” жана “Мурас” кендери.   Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, “Адахан” кени Лейлек районунун Раззаков шаарына жакын жерде жайгашып, анда жылына 4 миң тонна көмүр казуу пландалууда, бул… Кененирээк…

Өлкөдө бүгүн жана эртең сел жүрүү коркунучу жогору

Өлкөдө бүгүн жана эртең сел жүрүү коркунучу жогору.  Күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.   Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды сак болууга чакырат.