Аймактардагы китепканалардын 70 пайызы жабылат

Кыргызстандын аймактарындагы китепканалардын 70 пайызы жабылат. Бул тууралуу маданият, маалымат жана жаштар саясаты министри Мирбек Мамбеталиев билдирди.   Анын айтымында, жүргүзүлгөн изилдөөлөр айыл китепканаларынын 82 пайызындагы китеп фонду эскирип, жараксыз болуп калганын көрсөткөн. Бул болжол менен 1 млн 200 миң китепти түзөт.   Ал эми… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө 21-август күнү суу өчүрүлөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, ичүүчү суу саат 10дон түнкү 12ге чейин Горький — Жукеев-Пудовкин  — Ахунбаев — Койбагаров — Юнусалиев — Скрябин — Матросов — Медеров — Бектенов көчөлөрү менен чектешкен өчүрүлөт.   Калк жана мекеме-уюмдар сууну алдын ала камдап алышы керек.   Ушул жана башка жаңылыктар… Кененирээк…

Бишкек менен Чүй облусунда жолдор убактылуу жабылат

Бишкек менен Чүй облусунда 21-22-августта жолдор убактылуу жабылат.   Ички иштер министрлигинин билдирүүсүнө караганда, ушул күндөрү Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Кыргызстанга расмий сапар менен келет. Транспорттун кыймылы делегациянын кортежи өткөн убакытка гана чектелет: Бишкек шаарында “Манас” аэропортунан мамлекеттик резиденцияга чейинки маршрут, андан соң Дооронбек Садырбаев… Кененирээк…

Мектептердин жанында жол белгилери жана чийиндери жаңыланууда

Бишкекте мектептердин жанында жол белгилери жана чийиндери жаңыланууда. Бул тууралуу “Бишкекасфальтсервис” муниципалдык ишканасынан билдиришти.   Маалыматка ылайык, учурда Ленин жана Биринчи май райондорунда иштер аяктады. Октябрь жана Свердлов райондорунда жумуштар жүрүүдө. Бул иштер жаңы окуу жылынын алдында балдардын жолдогу коопсуздугун жогорулатуу максатында аткарылууда.   Шаар… Кененирээк…

21-августта Чоң-Арыкта суу өчүрүлөт

Муниципалитеттен билдиришкендей, аталган айылдын айрым жерлеринде саат 10дон кечки 5ке чейин суу болбойт.   Мунун себеби күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана жөнгө салуучу арматураларды алмаштыруу иштерине байланыштуу.   Мекеме-уюмдар жана калк ичүүчү сууну алдын ала камдап алышы керек.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Эгемендүүлүк күнүнө карата Сузак районунда бир катар ири объекттер ачылат

31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата Сузак районунда бир катар ири объекттер ачылат.   Novosti.kgге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, алардын арасында гипс өндүрүү жана гипсти кайра иштетүүчү ишкана, кыш заводу, көмүр кени бар.   Мындан тышкары, Жалгыз-Жаңгак айылындагы 375 орундуу мектеп менен №71… Кененирээк…

Ала-Букада экспорттук логистикалык мал чарба борбору, мектеп жана бала бакча ачылат

Кыргызстандын эгемендүүлүк алганына арналган майрамга карата Ала-Бука районунда экспорттук логистикалык мал чарба борбору, мектеп жана бала бакча ачылат.   Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен такташкандай, логистикалык борбордун курулушу учурда 98%га аяктады. Ал эми №26 мектеп менен Көлмө участогундагы мектепке чейинки билим берүүчү уюмдун курулушу 95%га бүттү.  … Кененирээк…

“Кара-Камыш” чакан ГЭСинин курулушу толук аяктады

Жалал-Абадда “Кара-Камыш” чакан ГЭСинин курулушу толук аяктады.   Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен такташкандай, гидроэлектростанция Аксы районунда жайгашкан. Стратегиялык объект учурда тиешелүү алдын ала техникалык сыноолор жана тесттик режимдеги текшерүүлөрдөн ийгиликтүү өттү.   “Кара-Камыш” ГЭСи 31-августта пайдаланууга берилет деп күтүлүүдө.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк… Кененирээк…

Аксыда “Тегене” көмүр кени ачылат

Novosti.kgге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, бүгүнкү күндө курулуш иштери 90%га аяктады.   Учурда кара отунду өздөштүрүүгө чейин жүргүзүлүүчү комплекстүү даярдык иш-чаралары аткарылууда. Анын алкагында экологиялык коопсуздукту камсыздоого багытталган таасирди баалоо жүргүзүлүп жатат.   Объект 31-август – Эгемендүүлүк майрамына карата ишке берилет.  … Кененирээк…

Сузак районунда 375 орундуу мектептин курулушу аяктады

Сузакта №52 мектептин курулушу аяктады.   Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, билим уясы 1-сентябрда пайдаланууга берилет. Имарат 375 орунга ылайыкталган.   Курулуш иштери 2023-жылы башталып, республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.