Бишкекте «Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер» форуму өтүүдө

Бишкекте «Дүйнөнү өзгөрткөн аял-лидер» форуму өтүүдө. Иш-чарага Кыргызстан менен Өзбекстандын көрүнүктүү айымдары чогулду. Алардын арасында Кыргызстандын биринчи айымы Айгүл Жапарова, Өзбекстандын президенттик администрациясынын жетекчиси Саида Мирзиёева, Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Жылдыз Садырбаева бар. Форумга ошондой эле илим жана билим берүү, медицина, маданият, искусство, спорт… Кененирээк…

Таласта маданият үйү капиталдык оңдоодон өтүүдө

Талас облусунун Айтматов районундагы маданият үйү капиталдык оӊдоодон өтүүдө.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, оңдоо иштери быйыл республикалык бюджеттин эсебинен башталып, учурда 81 пайызы аяктады.   Белгиленгендей, 1965-жылы курулган маданият үйү соңку ирет 2013-жылы капиталдык оңдоодон өткөрүлгөн.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Микрокредиттердин 60%дан ашыгы керектөөчүлөрдүн муктаждыктарына берилген

Микрокредиттик уюмдар ушул жылдын 6 айында 40 миллиард сомдон ашык насыя берди.   Улуттук статистикалык комитеттин маалыматына караганда, жалпысынан 500 миңден ашык адам кредит алган. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу берилген насыянын көлөмү 34 пайызга көп.   Эң көп микрокредиттерди Бишкек, Ош, Жалал-Абад жана Чүй… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн жээгинде ишембилик өткөрүлдү

Ысык-Көлдүн жээгинде экологияны сактоо багытында жалпы ишембилик өткөрүлдү. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук милициясынан билдиришти. Иш-чара облустун бардык шаарлары жана райондорунун көл жээк аймактарын камтыды. Ишембиликке Ысык-Көл облусунун райондук мамлекеттик администрациялары, шаар мэриялары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-уюмдардын, ошондой эле эс алуу… Кененирээк…

Жалал-Абад шаарында бир катар объекттер пайдаланууга берилет

31-август – Эгемендүүлүк күнүнө карата Жалал-Абад шаарында бир катар объекттер пайдаланууга берилет.   Бизге жергиликтүү бийликтен билдиришкендей, тизмеде перинаталдык борбор, №1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, ипотекалык турак жайлар, көркөм сүрөт мектеби, балык азыктарын кайра иштетүүчү цех, лампа заводу, эки мектеп, бокс академиясы жана президенттин облустагы ыйгарым… Кененирээк…

Токтогул районунда эки мектеп, бир стадион ачылат

Эгемендүүлүк күнүнө карата Токтогул районунда эки мектеп, бир стадион ачылат.   Novosti.kgге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн такташкандай, шаардагы спорттук жай капиталдык ремонттон өттү. Ал эми А.Ибраимов атындагы мектеп менен Т.Тешебаев атындагы жалпы билим берүүчү мекеме жаңыдан курулуп бүттү.   Кошумчаласак, ушул эле күнү… Кененирээк…

Ошто Казакстандын Башкы консулдугу ачылды

Ош шаарында Казакстандын Башкы консулдугу расмий ачылды. Бул тууралуу президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Жаңы ачылган консулдук Казакстан менен экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташууну өнүктүрүү, ошондой эле Кыргызстандагы казак жарандарына ар тараптуу жардам көрсөтүү максатында иш алып барат. Башкы консулдук Ош шаарынын Резиденция кичи районунда, 6-көчө, 18-үйдө… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасына зым тартуу иши уланууда

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасына зым тартуу иши уланууда.   Президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, учурда жумуштар Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагында жана Лейлек районунун Жаңы-Жер айыл аймагында жүрүүдө.   Маалыматка ылайык, азыркы тапта кыргыз-тажик чек арасынын 70 чакырымдан ашык жерине зым тартылды.   Ушул… Кененирээк…

Ноокенде асфальт, бетон чыгарган ишкана пайдаланууга берилет

Кыргызстандын Эгемендүүлүк майрамынын алкагында Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда эки мектеп жана асфальт, бетон чыгарган ишкана пайдаланууга берилет. Бул тууралуу Novosti.kgге жергиликтүү бийликтен билдиришти.   Аталган объекттердин курулушу учурда толугу менен аяктады.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Базар-Коргон районунда бир мектеп, бир бала бакча ачылат

31-август – Эгемендүүлүк майрамына карата Базар-Коргон районунда бир мектеп, бир бала бакча ачылат.   Novosti.kgге президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, №8 орто мектеп эки кабаттан турат. Учурда имараттын ички жана сырткы курулушу дээрлик толук аяктады.   Ал эми 1-май айылындагы мектепке чейинки мекеменин… Кененирээк…