Базар-Коргон районунда заманбап тоок фабрикасы ачылды

Базар-Коргон районунда заманбап тоок фабрикасы ачылды. Айыл чарба министрлигинен билдиришкендей, инвестициялык долбоорду ишке ашырууга 185 миллион сом багытталды.   Фабриканын кубаттуулугу 62 миң тоокту багууга эсептелген. Объект 3 этап менен ишке киргизилет. Ишкананын негизги продукциясы тоок жумурткасы болуп, анда 25 жаңы жумуш орду түзүлөт. Продукция… Кененирээк…

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көтөрүлөт

Министрлер кабинети «Мамлекеттик пенсиялык социалдык камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык дайындалган пенсияларды 2025-жылдын 1-октябрынан тартып индексациялоо жөнүндө токтом кабыл алды. Токтомго ылайык, 2025-жылдын 1-октябрынан тартып пенсиялардын камсыздандыруу бөлүктөрүнүн өлчөмдөрүн индексациялоо коэффициенти пенсиянын камсыздандыруу бөлүгү 50 000 (элүү миң) сомго чейинки пенсиялар үчүн 1,10 өлчөмүндө бекитилди. Ошондой… Кененирээк…

Лабубу оюнчугун чыгарган Ван Нин дүйнөдөгү эң бай адамдардын жүздүгүнө кошулду

Лабубу оюнчугун чыгарган Pop Mart компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Ван Нин дүйнөдөгү эң бай адамдардын жүздүгүнө кошулду. Bloomberg агенттигинин рейтингинде ал 85-орунга жайгашып, байлыгы 26,5 миллиард долларды түздү.   Ошондой эле жыл башынан бери анын капиталы 19 миллиардка өскөн. Рейтингдин лидерлерери — америкалык ишкер… Кененирээк…

Бишкекте быйыл жалпысынан 98 чакырым унаа жолдору жаңыдан салынып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт

Бишкекте быйыл жалпысынан 98 чакырым унаа жолдору жаңыдан салынып, оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.   Бул тууралуу мэр Айбек Жунушалиев жолдордун курулуш иштери жана жаңылануулардын жүрүшү тууралуу маалымат берип жатып билдирди.   Анын айтымында, алардын 8,5 чакырымы административдик-аймактык реформанын алкагында жаңы кошулган аймактарга туура келет. Жол оңдоо иштери… Кененирээк…

31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ниагар шаркыратмасында суу кызыл-сары түскө боелот

31-августта Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата Ниагар шаркыратмасында суу кызыл-сары түскө боелот. Бул тууралуу биздин өлкөнүн АКШ жана Канададагы элчилигинен билдиришти.   Шаркыратмага атайын жарык берүү кечки саат 10жарымда башталып, 15 мүнөткө созулат. Көз жоосун алган көрүнүшкө АКШ жана Канада тараптан дагы байкоо салса болот.

Улуттук банк монеталар коллекциясын чыгарат

Улуттук банк ушул жылдын 1-сентябрынан тартып “Тарыхый окуялар” сериясындагы “Азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөгөн аталар” күмүш коллекциялык монетасын жүгүртүүгө чыгарат.   Бул тууралуу өлкөнүн башкы банкы билдирди. Маалыматта аталган коллекциялык тыйын азыркы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн калыптанышы жана өнүгүүсүнө салым кошкон көрүнүктүү инсандардын эмгегин жана ролун таанытуу максатында… Кененирээк…

Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу кийинки жылы аяктайт

Кербен шаарын айланып өтүүчү жолдун курулушу кийинки жылы аяктайт. Бул тууралуу президенттин аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, жолдун жалпы узундугу 9 чакырымды түзөт.   Анда ошондой эле 2 көпүрө курулат. Бул максатта 596 миллион сом каралган.

Нарын облусунда бүгүн 15 ири социалдык жана өндурүш объектиси ачылат

Нарын облусунда бүгүн 15 ири социалдык жана өндурүш объектиси ачылат. Салтанаттуу ачылыш аземи онлайн форматта президент Садыр Жапаровдун катышуусу менен өтөт.   Өкүлчүлүктөн билдиришкендей, пайдаланууга бериле турган объектилердин катарына 7 социалдык мекеме жана 8 өндүрүш ишкансы кирет. Алардын арасында мектептер, спорт залдар жана кайра ишететүү… Кененирээк…

Алдыдагы майрамдарга карата өлкө милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү

Алдыдагы майрамдарга карата өлкө милициясы кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү.   Мындай режим 1-сентябрга чейин күчүндө болот. Республика боюнча 10 миң милиция кызматкери коомдук коопсуздукту камсыздайт. Өзгөчө көңүл бүгүн Ош облусуна бөлүнүп жатат.   Ал жерде бүгүн президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бир катар иш-чаралар жана объектилердин… Кененирээк…

Россия куруп бере турган заманбап мектептердин алгачкы үчөө 2027-жылы ачылат

Россия Кыргызстанда кура турган заманбап үч мектеп 2027-жылдын 1-сентябрында ачылат. Бул тууралуу Россия президентинин аймактар аралык жана чет өлкөлөр менен маданий байланыштар боюнча башкармалыгынын жетекчиси Игорь Маслов билдирди. Белгилей кетсек, бүгүн Россиядан Кыргызстандын Эгемендүүлүк күнүнө карата чоң делегация келди. Топ Ош шаарында Валентина Терешкова атындагы… Кененирээк…