Таласта ата-энесинен ажыраган балдарга жер тилкелери берилди

Таласта ата-энесинен ажыраган балдарга жер тилкелери берилди. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти. Маалыматка ылайык, Талас облусунун Манас районунун прокуратурасы тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк укуктары боюнча мыйзамдардын аткарылышын камсыз кылуу багытында жүргүзүлгөн иштердин алкагында, 16 жаштагы эки томолой жетим баланын турак жайы жок экендиги жана… Кененирээк…

Чет элдик номерлүү унааларды легалдаштыруу өнөктүгү эртең аяктайт

Ички иштер министрлиги 2-октябрдан тарта мыйзамдаштырылбаган машинелерди айып короого токтотот. Мындай унаалар эгер шарттуу ээси табылса келген өлкөгө жөнөтүлөт, болбосо тетиктерге ажыратылат.   21-сентябрдагы маалыматка ылайык, Абхазия, Армения жана Россиянын номери менен 14,5 миңден ашык унаа легалдаштырылды. Бул жалпы сандын 90 пайызын түзөт.   Ушул… Кененирээк…

Бишкектеги жолдорду оңдоо иштерин ноябрда аяктоо пландалууда

Бишкектеги жолдорду оңдоо иштерин 15-ноябрга чейин аяктоо пландалууда. Бул тууралуу вице-мэр Рамиз Алиев билдирди.   Анын айтымында, быйыл 125 участокто реконструкция жүргүзүлдү. Шаар тарыхында биринчи жолу 108 чакырым жол оңдолду. Ошондой эле үч көпүрөнүн курулушу жүрүүдө.   Алиев белгилегендей, келерки жылдан тарта оңдоо иштерине жаңы… Кененирээк…

Балага төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасын жогорулатуу пландалууда

Кыргызстанда балага төлөнүүчү жөлөк пулдун суммасын жогорулатуу пландалууда.   Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги аз камсыз үй-бүлөлөрдүн балдары үчүн төлөнүүчү каражатты 1 миң 500 сомго чейин көтөрүүнү мерчемдеп жатат. Бул азыркы жөлөк пулдан 300 сомго көп болот.   Белгиленгендей, учурда мыйзам долбоору башка түзүмдөр… Кененирээк…

Индиянын Ченнай шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды

Индиянын Ченнай шаарында Кыргызстандын ардактуу консулдугу ачылды.   Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, консул болуп жергиликтүү элге кеңири таанылган ишкер жана коомдук ишмер Пракаш Рао дайындалды.   Ардактуу консулдук экономика, билим берүү жана маданий тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле эки элдин ортосундагы байланышты чыңдоого өбөлгө болот… Кененирээк…

Бишкекте республикалык агроөнөр жана азык-түлүк жарманкеси өтөт

Бишкекте үч күн бою республикалык агроөнөр жана азык-түлүк жарманкеси өтөт. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, иш-чара 17-18-19-октябрга белгиленди.   Көргөзмөдө заманбап айыл чарба техникалары, кайра иштетүүчү жабдуулар, инновациялык агротехнологиялар, үрөн, жер семирткич, өсүмдүктү коргоочу каражаттар жана асыл тукум малдар… Кененирээк…

Аксыда 375 орундуу жаңы мектеп курулууда

Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жаңы мектеп курулууда.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, эки кабаттуу объект 375 орунга ылайыкталган.   Республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып жаткан долбоорго 127 млн сом сарпталат. Азыркы тапта курулуштун 85 пайызы аяктап калды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Ошто төрт көчөнүн оңдоо иштери аяктады

Муниципалитеттен билдиришкендей, Раззаков, Гагарин, Шамшиев жана Достук көчөлөрү капиталдык ремонттон өтүп, учурда кыймылга ачылды.   Белгиленгендей, бул иштер шаардагы унаа агымын азайтууга багытталган.    

Бишкекте салмагы 5 килограммдан ашык ымыркай төрөлдү

Бишкекте 5 кг 425 грамм салмактагы, бою 56 сантиметр болгон ымыркай төрөлдү.   Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, аны 29 жаштагы аял жарыкка алып келди.   Маалыматка ылайык, учурда эне-баланын абалы канааттандырарлык.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстандан 120 спортчу КМШ өлкөлөрүнүн III оюндарына катышууда

Кыргызстандан 120 спортчу КМШ өлкөлөрүнүн III оюндарына катышууда. Мелдештер Азербайжанда өтүп жатат.   Жалпысынан 246 топтом медаль ойнотулат.   Кыргызстандык спортчулар волейбол, футбол, баскетбол, көркөм гимнастика, таэквондо, бокс, күрөш, каратэ, жаа атуу жана кайык жарышы сыяктуу 15 спорт түрү боюнча күч сынашат.   Ушул жана… Кененирээк…