Эгемендик майрамынын 35 жылдыгы Таласта белгиленет

Кыргызстандын эгемендик майрамынын 35 жылдыгы Талас облусунда белгиленет. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.   Соңку жылдары 31-августтагы негизги иш-чаралар ар кайсы аймактарда белгиленип келүүдө. Буга чейин Чүй облусунда, Ош шаарында уюштурулган.   Быйылкы майрам Жалал-Абадда өттү. Ал эми 2026-жылы Эгемендүүлүк Таласта белгиленет.   Ушул… Кененирээк…

Ала-Букада экспорттук-логистикалык мал чарба борборунун курулушу аяктады

Ала-Бука районунда экспорттук-логистикалык мал чарба борборунун курулушу аяктады.   Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, борбор 3 миң баш малга ылайыкталган. Анын алкагында 1 миң 200 жумуш орду түзүлөт.   Жеке инвестициянын негизинде курулган объектке 18 млн сом сарпталды. Натыйжада… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу берүү токтотулат

Бишкектин бир бөлүгүндө эртең таза суу берүү токтотулат. “Бишкек суу каналы” ишканасынын маалыматына ылайык, эртең мененки саат 10дон түн жарымга чейин суу Лев Толстой, Жукеев-Пудовкин, Кулатов, Ахунбаев көчөлөрүн бириктирген бөлүктө жана Байтик Баатыр — Горький кесилишинде жок болот.   Жарандарга сууну камдап алуу сунушталат.

Бүгүнтөн тарта “Кызыл-Кыя унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө электрондук кезек системасы ишке кирди

  Бүгүнтөн тарта “Кызыл-Кыя унаа жолу” өткөрүү түйүнүндө электрондук кезек системасы ишке кирди.   Бажы кызматынан билдиришкендей, жаңы система тышкы экономикалык ишкердүүлүктүн катышуучуларына чек арадан  өтүү убактысын жана күнүн эртелеп брондоо мүмкүнчүлүгүн берет.   Бул күтүү убактысын кыскартып, өткөрүү процессин ачык жана ыңгайлуу кылат. Кызматтын… Кененирээк…

Жогорку Кеңеш каникулдан кийинки сессиясын ачты

Жогорку Кеңештин депутаттары жайкы каникулдан кийинки сессиясын ачты. Бул жолу депутаттар Ак үй деп аталган парламент имаратынын толук оңдоодон өткөрүлгөн жыйындар залында ишин баштады. Парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттар каникул учурунда эки ай бою аймактарда шайлоочулар менен иштешкенин белгилеп, Жогорку Кеңештин ишине ийгилик каалады.… Кененирээк…

Villa Vie Residences круиздик компаниясы өмүр бою улана турчу саякат сунуштайт

Villa Vie Residences круиздик компаниясы өмүр бою улана турчу саякат сунуштайт. Ага каалоочу бир жолу төлөп, жашоосунун аягына чейин саякаттай алат. Суммага тамак аш, суусундуктун түрлөрү, интернет жана жыл сайын медициналык кароо кирет.   Каттам 3,5 жылга эсептелип, 140 мамлекетти басып өткөндөн кийин, круиз кайра… Кененирээк…

Бишкекте жол куруу иштери 20-октябрга чейин толук аяктайт

Бишкекте жол куруу иштери 20-октябрга чейин толук аяктайт. Бул тууралуу мэриянын транспорт жана жол-транспорттук инфраструктураны өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Абдыжапаркул Жанболотов билдирди.   Анын айтымында, быйылкы жылга 15 көчөнү оңдоп-түзөө планга киргизилсе, анын 7 көчөсүндө жумуштар аяктап, 5 көчө толук кандуу ачылды. Калгандарында жумуштар… Кененирээк…

Кыргызстан мектептеринде быйыл 1,5 миллиондон ашык окуучу билим алат

Кыргызстан мектептеринде быйыл 1,5 миллиондон ашык окуучу билим алат. Агартуу министрлигинен билдиришкендей, жалпысынан өлкөдө 2 миң 394 мектеп бар, аларда 93 миңден ашык мугалим эмгектенет. “Алтын Казык” программасынын алкагында мектептер 12 жылдык окуу программасына өтүүдө.   Жаңы билим берүү стандарттары бекитилди. Мугалимдер үчүн жайында атайын… Кененирээк…

Нарын районунда Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө

  Нарын районунда Нарын – Оруктам унаа жолунун 39-чакырымындагы көпүрөнүн курулушу кызуу жүрүүдө.  Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришкендей, көпүрөнүн пайдубалы даярдалып, арматуралар орнотулуп, бетон куюу жумуштары жыйынтыкталды.   Учурда темир конструкцияларды чогултуу иштери жүрүп жатат. Эске салсак, 13-августта аталган көпүрө кулап, каттам убактылуу жабылган. Жарандар… Кененирээк…

Нарында жол салган ишкананын жетекчиси менен министрдин орун басары кармалды

Нарын шаарындагы Ленин жана Шералиев көчөлөрүн асфальттоо учурундагы мыйзам бузуулар боюнча транспорт жана коммуникация министринин орун басары Талантбек Солтобаев жана «Бета групп» подрядчы ишкананын аткаруучу директору Мирлан Амантуров кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти. Маалыматта аларга «Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу» фактысы менен иш козголгону айтылат.… Кененирээк…