Жаратылыш ресурстары министринин эки орун басары кызматынан бошотулду

Касейинов Кубат Усенкулович жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин биринчи орун басары кызматынан, Аманкулов Мирслав Акалович министрдин орун басары кызматынан бошотулду. Тиешелүү тескемелерге министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.

Бишкектин айрым жерлеринде үч күн ысык суу болбойт

Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, 3-сентябрь саат 09:00дөн 6-сентябрь саат 16:00гө чейин Бишкек шаарындагы С.Кийизбаев көчөсү 1/3, 22/1, 22 даректеринде түтүктөрдү алмаштырууга байланыштуу ысык суу берүү убактылуу токтотулат. “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасы убактылуу ыңгайсыздыктар тууралуу маалымдайт жана түшүнүү менен кабыл алууну суранат. Ушул жана башка… Кененирээк…

Таласта 59 млн сомдук спорттук комплекстин курулушу аяктап калды

Таластын Бакай-Ата районуна караштуу Кең-Арал айылында заманбап спорткомплекстин курулушу аяктап калды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинен билдиришти. Объекттин курулушу өткөн жылы башталып, республикалык бюджеттен каржыланууда. Тендердик баасы 59 млн сомду түзөт. Жалпы аянты 765 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу спорткомплекс заманбап… Кененирээк…

Жалал-Абадда тиричилик калдыктарын кайра иштетүүчү завод куруу пландалууда

Бул боюнча президенттин аймактагы өкүлү Тилек Текебаев кытайлык инвесторлор менен жыйын өткөрдү.   Долбоорду ишке ашырууда Жалал-Абад шаары, Сузак, Базар-Коргон жана Ноокен райондорунун калкы камтылышы керектиги белгиленди.   Завод калкты таза жана коопсуз чөйрө менен камсыз кылууга, аймактын экологиялык абалын жакшыртууга жана жаңы жумуш орундарын… Кененирээк…

Президент ЖКнын экс-спикерлерине макам берүү боюнча мыйзамды артка кайтарды

Президент Жогорку Кеңештин экс-спикерлерине макам берүү боюнча мыйзамды артка кайтарды.   Садыр Жапаровдун каршы пикири бүгүн парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот укук маселелер боюнча комитетинин жыйынында окулду.   “Бул мыйзам кабыл алынса, бул ченем башка жогорку мамлекеттик органдардын мурдагы жетекчилери тарабынан да окшош мүнөздөгү… Кененирээк…

Нарындагы В.Чкалов мектебине кошумча имарат курулууда

Нарындагы В.Чкалов атындагы мектепке 500 орундуу кошумча имарат курулууда.   Курулуш министрлигинен билдиришкендей, заманбап корпус үч кабаттан турат.   2023-жылдан бери ишке ашырылып келе жаткан долбоорду быйыл жыл аягына чейин бүткөрүү пландалууда. Объект республикалык бюджеттен каржыланууда.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм… Кененирээк…

Арашан – Чуңкурчак унаа жолун оңдоо иштери уланууда

Чүй облусунда Арашан – Чуңкурчак унаа жолун оңдоо иштери уланууда.   Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, узундугу 22 чакырым болгон аймакты кеңейтүү иштери аяктады. Учурда суу өткөрүүчү түтүктөр орнотулуп, көпүрөлөр реконструкцияланууда.   Алдыда жолдун негизин даярдоо жана асфальт төшөө иштери бар.   Ушул жана… Кененирээк…

Боксчулар Улуу Британияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат

Кыргызстандык боксчулар Улуу Британияда өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат.   Турнир 4-сентябрдан 14-сентябрга чейин Ливерпуль шаарында өтөт. Мелдеште эркектер жана аялдар арасында жалпы 20 медаль топтому ойнотулат.   Кыргызстандын курама командасынын тизмесинде 8 спортчу бар.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан… Кененирээк…

Ысык-Көлдүн акими Жапар Ормонов үй камагына чыкты

Коррупцияга шектелип кармалган Ысык-Көл районунун акими Жапарбек Ормонов 29-августта үй камагына чыкканы белгилүү болду. Бул тууралуу анын бөгөт чарасы каралган Бишкектин Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы 2-сентябрда “Азаттыкка” билдирди.   Мындай өтүнүчтү сотко Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматы келтиргени маалым болду.   Райондук… Кененирээк…

Жеке ишкерлерди кайра каттоону онлайн-форматка өткөрүү пландалууда

Мындай тапшырманы Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев берди.   Ага ылайык, арыздарды жана керектүү документтерди аралыктан тапшырууга мүмкүнчүлүк берген сервис түзүлөт. Бул кызмат аркылуу каттоо бир күндүн ичинде бүтүрүлүп, электрондук түрдө кабарлама берилет.   Жаңычылдык ишкерлерге убакытты үнөмдөөгө, ал эми мамлекеттик органдарга ишти натыйжалуу уюштурууга… Кененирээк…