Баткенде жаңы шаар курулат

Баткенде жаңы шаар курулат. Бул максатта 800 гектардан ашык жер трансформацияланат. Тиешелүү токтомго министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.   Документке ылайык, Суу-Башы айыл аймагында 880 гектар жер айыл чарба багытындагы жер категориясынан калк жашаган түйүндөр жерлери категориясына өткөрүлүп, анда Бүжүм айылынын тургундары үчүн… Кененирээк…

Чүй облусунда жаңы мектеп ачылды

Чүй облусунда жаңы мектеп ачылды.   Курулуш, архитектура жана турак-жай коммуналдык чарба министрлигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси Сокулук районунун Кожомкул айылында жайгашат.   Мектеп 700 орунга чакталган. Курулуш иштери 2012-жылы эле башталып, бирок кийин токтоп калган. Бүгүнкү күндө жумуштар толук аяктап, мектеп пайдаланууга берилди.

Бишкектин бардык мектептеринде коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотулду

Бишкектин бардык мектептеринде коркунучту билдирүүчү баскычтар орнотулду. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, аны баскан учурда милициянын куралдуу тобу  3 мүнөттө келет.   Андан тышкары, ордо калаа мектептеринде камералар орнотулган, алар “Коопсуз өлкө” долбоорунун системасына кошулду. Бул максатта 25 миллион сом бөлүнгөн. Белгилеп кетсек, ордо… Кененирээк…

Бала бакчадагы билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүлөт

Бала бакчадагы билим берүүнүн сапатына мониторинг жүргүзүлөт.   Агартуу министрлигинен билдиришкендей, мектепке чейинки билим берүүнүн сапаты IDELA эл аралык методикасынын негизинде пилоттук режимде текшерилет.   Долбоорго Бишкек жана Чүй облусунун Сокулук районундагы 15 бала бакча катышып, жогорку тайпанын 300гө жакын баласы камтылат. Анын жыйынтыгы менен… Кененирээк…

Бишкекте 4 автобустун каттамы өзгөрдү

Лев Толстой көчөсүнүн тилкелери жабылганына байланыштуу 4 каттамдын маршруттук схемалары убактылуу өзгөртүлдү. Муниципалитеттен билдиришкендей, 2-сентябрдан баштап Лев Толстой көчөсүнүн Асаналиев көчөсүнөн Бакаев көчөсүнө чейин жана Садырбаев көчөсүнөн Термечиков көчөсүнө чейинки бөлүгү убактылуу жабылгандыгына байланыштуу, 4 автобустук каттамдын маршруттук схемалары өзгөртүлдү.

Өлкө аймагында “Рулда” рейди жүрүүдө

Өлкө аймагында “Рулда” рейди жүрүүдө. Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, айдоочуларды текшерүү сентябрдын аягына чейин уланат.   Өзгөчө көңүл ылдамдыкты ашыруу, мас абалында унаа башкаруу жана эрежелерди одоно бузуу фактыларына бөлүнөт. Ошондой эле жөө жүрүүчүлөр арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул иш-чаралар жол коопсуздугун… Кененирээк…

Чүй облусунда алюминь профилдерин чыгаруучу ишкана ачылды

Чүй облусунда алюминь профилдерин чыгаруучу ишкана ачылды. Экономика министрлигинен билдиришкендей, объект Ысык-Ата районундагы Киргшелк айылында жайгашат. Бул жерде ошондой эле алюминь калдыктарын кайра иштетүү пландалууда.   Ишканада 400дөй жумуш орду түзүлдү. Анын кубаттуулугу жылына  1 миң 200 тоннаны түзөт. Продукция ички рыноктогу суроо-талапты жабат деп… Кененирээк…