Агартуу министрлигинде 723 млн сом мыйзам бузуу аныкталганы кабарланды

Эсептөө палатасы Билим берүү жана илим министрлигиндеги 2023-жылдагы бюджеттин аткарылышы боюнча аудиттин жыйынтыктарын жарыялады. Ага ылайык, министрликте 723 млн сомдон ашуун каржылык мыйзам бузуу аныкталды. Мекеменин бүгүн, 4-сентябрда тараткан маалыматына караганда, 2023-жылы министрликтин бюджети өзгөртүүлөр менен 67 млрд 724 млн 502,3 миң сомду түзгөн, анын ичинен… Кененирээк…

Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда

Суусамыр–Талас–Тараз унаа жолунун Өтмөк ашуусунда асфальт төшөө иштери уланууда.   Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, быйыл аталган ашуудагы жолдун тогуз чакырымын асфальтоо пландалган.   Белгиленгендей, учурда иштин жарымынан көбү аяктап калды.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстанда негизги тамак-аш азыктарына баа туруктуу

Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынан билдиришти.   Маалыматта акыркы айда уй, кой этинин, шекер, күрүч, картошка, сабиз жана пияздын баасы төмөндөгөнү белгиленди. Ал эми соңку аптада сезондук жагдайларга байланыштуу күрүч, картошка, сабиз жана пияз арзандады.   Ал эми Улуттук статистикалык комитеттин… Кененирээк…

Бишкектен Нарынга учак каттай баштады

Бишкектен Нарынга жүргүнчү ташыган учак каттай баштады.   “Асман аба жолдору” авиакомпаниясы бүгүн алгачкы каттамын аткарды. Жол жүрүү убактысы 40 мүнөттү түзөт.   Теңир-Тоого самолет аптасына бир жолу – бейшемби күндөрү учат.   Компаниянын маалыматына караганда, оңдоп-түзөөдөн өткөн “Нарын” аэропортунун расмий ачылышы 8-сентябрда болот.  … Кененирээк…

Кытайда туристтик жайларда сүрөткө тартуу убактысына чектөө кирди

Кытай популярдуу туристтик жайларда сүрөткө тартуу убактысына чектөө киргизди. Тактап айтканда, Хуанлин жаратылыш аймагында сүрөткө түшүү үчүн ар бир туристке бир мүнөт убакыт берилет.   Бирок мындай чектөө туристтердин агымы көбөйгөн маалда гана колдонулат. Бул адамдар ортосунда кезек жаратпоо жана чыр-чатактарды болтурбоо үчүн кабыл алынды.… Кененирээк…

Юстиция министрлигине 25 жаңы кызматтык унаа тапшырылды

Министрлер кабинетинин башчысы Адылбек Касымалиев ачкычтарды берип жатып мыйзамдарды системалаштыруу жана жаңылоо, мамлекеттик процесстерди санариптик трансформациялоо жана бюрократияны кыскартуу боюнча министрликтин активдүү позициясын жогору баалады.   Өкмөт башчы Юстиция министрлиги жасап жаткан иш-аракеттер кызмат көрсөтүүлөрдү ачык-айкын жана жарандар үчүн ыңгайлуу кыла турганын белгиледи.   Ушул… Кененирээк…

“Асман аба жолдору” Бишкектен Нарынга алгачкы каттамын аткарды

“Асман аба жолдору” авиакомпаниясы Бишкектен Нарынга алгачкы каттамын аткарды. Бул тууралуу «Кыргызстан аэропорттору» ишканасынан билдиришти.   Компаниянын маалыматына караганда, оңдоп-түзөөдөн өткөн “Нарын” аэропортунун расмий ачылышы 8-сентябрда болот.   Эске салсак, аталган мамлекеттик авиакомпания сатып алган үчүнчү учак Бишкекке ушул жумада келген. Бул самолеттор ички каттамдарга… Кененирээк…

Ошто бийиктиги 95 метрлик жаңы флагшток орнотулат

Ош шаарынын борборуна бийиктиги 95 метрлик жаңы флагшток орнотулат.   Калаа башчы Жеңишбек Токторбаевдин айтымында, бул шаардын архитектуралык көрүнүшүн жаңыртуудагы маанилүү кадам болуп, мамлекеттик символдорду сыйлоого басым жасалат.   Ушул жана башка жаңылыктар менен кененирээк Новости.kg Телеграмм каналынан тааныша аласыздар.

Кыргызстан акиташты сыртка чыгарууга убактылуу тыюу салды

Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.   Ага ылайык, иштетилбеген же одоно майдаланган, кесилген же башка ыкмадагы тик бурчтуу, чарчы формадагы блокторго же такталарга бөлүнгөн акиташты ЕАЭБ аймагынан тышкары ташып чыгууга болбойт.   Мындай тыюу алты ай күчүндө болот.   Ушул жана… Кененирээк…

«Коомдук транспорт» аталышындагы рейд жүрүп жатат

Бишкекте «Коомдук транспорт» аталышындагы рейд жүрүп жатат.   Инспекторлор автобус жана такси айдоочуларынын арасында тартипти көзөмөлдөп, атайын аялдамаларда, унаа токтотуучу жайларда эреженин сакталышын текшеришет. Тартип бузгандарга айып пул салынат.   Ички иштер министрлиги автобустар белгиленген жерге гана токтошу керектигин, таксисттерге коомдук транспорттун аялдамаларын тосууга тыюу… Кененирээк…